Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Токторбаевге сөгүш "Ош-Ситиден" улам берилдиби?


Президент Садыр Жапаров 16-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш берди. Президенттин администрациясы тараткан маалыматта сөгүшкө мэрдин кайсы аракети негиз болгону көрсөтүлгөн эмес. Өкмөттөгү айрым булактар муну мэрдин "Ош-Ситидеги" жүрүм-туруму себеп болгонун билдиришти.

Токторбаев катуу сөгүш алды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Токторбаевге катуу сөгүш жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай эмес аткаргандыгы, тагыраагы этика ченемдерин аткарбагандыгы үчүн берилген. Маалыматта сөгүш берүүгө мэрдин кайсы аракеттери негиз болгону көрсөтүлгөн эмес.

Өкмөттөгү айрым булактардын маалыматы боюнча, президенттин соңку чечимине мэр Токторбаевдин "Ош-Сити" комплексине баргандагы жүрүм-туруму себеп болгон.

Өткөн апта соңунда “Ош-Сити” комплексинин иши менен таанышууга барган Токторбаев курулуш кечеңдеп жатканын айтып, ишти алып барган «Бизнес Хаус КЖ» компаниясынын жетекчилеринин сыртка чыгышын чектөөнү сунуштаган.

Токторбаевдин сыны

2023-жылы Ошто IT шаар куруу сунушталып, алгач 400 гектардан ашык жер бөлүнөрү айтылып, бир топ сөз болгон. Өткөн жылы 72 гектар бөлүнүп, мурдагы жайы алмаштырылып, ушул жылдын февралында өлкө президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда капсула салынып курлушу башталган.

Коммерциялык, турак жай жана инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрү менен шаарды өзгөртө турган “Ош-Сити” комплексинин иши менен таанышууга 13-сентябрда барган Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев курулуш кечеңдеп жатканын айткан. Курулушту жүргүзгөн «Бизнес Хаус КЖ» компаниясынын жетекчилигине нараазылыгын билдирип, жетекчиликтерине четке чыгууга чектөө киргизүүнү сунуштаган.

«Жумуш жакшы эмес. Көңүл жылытарлык жумуш жок бул жерде. Улукбек айтып жатат: 2 миң батир саттык деп. Базар баасы менен алганда миң батирди накталай 100 пайыз саткан болсоңор 30 млн АКШ доллары болот. Бул жерде болсо 5 млн долларлык да иш жасалган эмес. Башка курулуш жүрүп жаткан жерлерди көргүлө, кандай куруп жатышат. Силер менен бирдей курулуш баштаган компаниялар пайдаланууга бергени жатышат. Силерде жумуш жакшы эмес. Бул жерде курулуш жүргүзүп жаткан компаниянын жетекчилик курамынын баарына УКМКга коштомо кат жазып, бири да сыртка чыкпагандай кылыш керек».

"Ош-Ситинин" таржымалы, компаниянын түшүндүрмөсү

“Ош-Сити” шаарчасы жалпы аянты 72 гектарды ээлеп, анан 40 гектардайына 10 миңден ашык батирге эсептелген турак жайлар, калган аянтка социалдык обьектилер курулмай болгон. Курулган батирлерден миң даанасы мамлекетке өткөрүп берүү тууралуу сүйлөшүлгөн.

Бул шаарчаны куруу өкмөттүк демилге болгондуктан, куруучу компанияны тандоо, келишимдердин баары өкмөт аркылуу жүргүзүлгөн. Курулуш «Бизнес Хаус КЖ» компаниясына жүктөлгөн.

Аталган компаниянын өкүлү Улукбек Абдилазимов болсо курулушта эч кандай кемчилик жана кечеңдөө болбогонун билдирди. Анын айтымында, шаар мэринин нараазылыгынан кийин Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Ошко барып, иштин жүрүшү менен таанышып кеткен:

«Ал киши келип баары менен таанышып, иш кагаздарыбызды да, иштин жадыбалын да, аткарылган жумуштарды да көрдү. Жакшы иштей бергиле деп бизге дем берип кетти, ошондон кийин келип...»

Сүрөт Ош шаардык мэриясынын баракчасынан алынды.
Сүрөт Ош шаардык мэриясынын баракчасынан алынды.

Шаардык кеңештин депутаты Кушбак Шайиев шаар башчысынын курулуштун жүрүшү менен таанышып, андагы кемчиликтерди жоюу аракетин оң баалагандардын бири:

«Мэр айтып жатат, 30 млн доллар акчаны элден чогултуп алышыптыр. Анан жасаган жумушу ага татыктуу болбой жатса, мэр аларга барып көзөмөлдөп, кемчиликтерин айтып, элдин, буйрутма берген өкмөттүн ишеничин актагыла дегени туура эле болду деп ойлойм. Антпесе ири долбоорлор кээде көзөмөлдөнбөй, курулуштар кечигип ара жолдо калып кеткен учурлар буга чейин болуп келген да. Биз жергиликтүү кеңеште бул маселени карабадык. Анткени бул өкмөттүн буйрутмасы. Мен угушума караганда бул курулушту подрядчик "Бизнес Хаус KG" компаниясы алганы менен анын артында Өзбекстандан дагы Кытайдан инвесторлору бар экен. Иш кандай жүрүп жатканы, анын аткарылышы боюнча мэрдин жоопкерчилиги бар да. Бул азыр Ошто өтө зарыл долбоор болуп турат. Муктаждык аябай күч».

«Ош-Сити» IT комплексинен 2 миңдей батир сатылганы да айтылды.

Буга чейин Кемин районунда 350 гектардан ашык жерге экологиялык таза шаарча куруу үчүн "Кемин-Сити" деп аталган шаарды , андан мурдараак Ысык-Көлдө "Асман" шаарын куруу ишке ашары айтылган. Ушул жылы Баткенде да «Баткен-Сити» деген шаар куруу демилгеси көтөрүлөрү айтылууда.

  • Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев быйыл январда Ош шаарынын мэри болуп дайындалган. Ал кызматка дайындалган күндөн тарта эле шаардын ар кайсы бөлүгүн жөө кыдырып, мыйзамсыз курулуштарды алуу, жолдорду кеңейтүү боюнча тапшырма берип келет.
  • Рейддердин жүрүшүндө 57 жаштагы мэр өзүнүн кол алдында иштеген кызматкерлер, мүлк ээлерин жана башка адамдарды кескин сындаганы менен да белгилүү. Айрым учурларда ал бирөөлөрдү сөккөнү же кемсинткени тартылган видеолор чыгып, талкууларды да жаратып турат.

Токторбаев өзүнө жарыяланган сөгүш тууралуу комментарий бере элек.


Шерине

XS
SM
MD
LG