Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:42

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ: БАҢГИЗАТ МЕНЕН ДИНИЙ АШЫНГАНДЫК БОРБОР АЗИЯ ҮЧҮН ОЛУТТУУ КОРКУНУЧ БОЙДОН КАЛА БЕРҮҮДӨ


Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов “Эркин Европа – Азаттык” үналгысынын Вашингтондогу кеңсесине келип, журналисттер менен маекке катышты. АКШда иш сапар менен жүргөн кыргыз тышкы иштер министри Ооганстандан тымызын ташылып жаткан баңгизаттар жана аймакта тымызын иш-аракетин күчөткөн исламчыл фундаменталисттер жалпы Борбор Азиянын коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч туудуруп жатканын айтты.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов ушул тапта АКШда иш сапарда жүрөт. Ал АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жана башка расмий жетекчилер менен эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты андан ары өрчүтүү маселелерин талкуулады.

Ал эми февралдын 26сында Аскар Айтматов мырза “Эркин Европа – Азаттык” үналгысынын Вашингтондогу кеңсесине келип, журналисттер менен маек куруп, аймактагы коопсуздук кырдаалы, Кыргызстандагы жумушсуздук, шайлоо камылгалары, сот эркиндиги жана башка маселелер боюнча журналисттердин ар кыл суроолоруна жооп берди.

Айтматовдун оюна караганда, АКШ менен Кыргызстандын учурдагы өз ара кызматташтыгы расмий Бишкек үчүн олуттуу стратегиялык мааниге ээ.

- Биздин өлкөнүн АКШ менен карым катнашы, - дейт Аскар Айтматов, өзгөчө ургаалдуу өнүгүп келди. Бирок бул кызматташтык башка кайсы-бир өлкөгө каршы эмес жана үчүнчү бир өлкөнүн кызыкчылыктарынын эсебинен жүргүзүлгөн жок. Тескерисинче, бул кызматташтык жалпы Борбор Азиядагы коопсуздук жана туруктуулукту камсыз кылууга өбөлгө болууда.

Аскар Айтматовдун оюнча, Ооганстандан коңшу борбор азиялык өлкөлөр аркылуу өтүп келип жаткан баңгизат өлкөнүн жана аймактын коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч туудуруп жатат:

- Ооганстан жаатындагы биздин башкы тынчсыздануубуз – андан улам күчөп агылган баңгизат. Кыргызстан баңгизатты тымызын ташуудагы “Түндүк өткөөл” деп аталган багытта жайгашкан.

Тышкы иштер министринин оюнча, экинчи бир олуттуу көйгөй – бул иш-аракетин тымызын жүргүзүп жаткан “Хизбу-т-тахрир” партиясы. Бул партияга Кыргызстанда тыюу салынган. “Хизбу-т-тахрирчилердин” максаты – Борбор Азияда секулярдык өкмөттөрдүн ордуна шариятка негизделген исламдык мамлекетти – халифатты түзүү:

“Фактылар көрсөткөндөй, Хизбу-т-тахрирчилердин саны улам өсүп баратат. Аймактагы жумушсуздук сыяктуу социалдык көгөйлөр исламчы фундаменталисттердин чырагына май тамызууда” , - деди Айтматов. Ал Батыш коомчулугун дал ушул көйгөйлөрдү чечүүдө Кыргызстанга тилектеш жана көмөктөш болууга чакырды.

Министр Аскар Айтматовдун оюнча, жакынкы болочокто өлкөнүн президенти ким болоору тууралуу азыркы мамлекет башчы Аскар Акаевдин да ою бардыр, бирок бул маселени жалпы эл өзү 2005-жылдагы президенттик тикелей шайлоо аркылуу чечет.

Кыргызстан ушул тапта Ооганстандагы АКШ жетектеген анти-террористтик өнөктүктү жүргүзгөн эл аралык коалиция менен тыгыз кызматташууда. Ордо шаардын түндүк-батышындагы Манас аба майданында коалициянын Ганси аскер аба базасы жайгашкан.

XS
SM
MD
LG