Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:27

Израил Йемендеги хусилер көзөмөлдөгөн Ходейда портуна сокку урду


 Израилдин Йеменге урулган соккусунан кийин. 10-сентябрь, 2025-жыл
Израилдин Йеменге урулган соккусунан кийин. 10-сентябрь, 2025-жыл

Израил 16-сентябрда Йемендеги хусилер көзөмөлдөгөн Ходейда портуна абадан сокку урду.

Чабуул тууралуу хусилер да, Израилдин армиясы ЦАХАЛ да маалымат таратты.

Израил тарап Ходейдадагы "хусилердин террордук режиминин аскердик жайына сокку урганын" билдирди. Муну менен хусилердин Израилдин аймагына ракета жана дрондор менен сокку уруу аракетине жооп болгонун кошумчалады.

Хусилердин өкүлү абадан коргонуу системасы Израилдин чабуулдарынын мизин кайтарып жатканын маалымдады.

Өткөн аптада хусилердин учкучсуз аппараты Израилдин түштүгүндөгү Рамон аэропортуна жетип, аба майданына зыян келтирилген.

Ошондон кийин Йемендин хусилер көзөмөлдөгөн башкалаасы Санага сокку урулганда карапайым жарандар, журналисттер каза тапканы кабарланган.

Хусилер эки гезиттин редакциясы жайгашкан кеңсенин имараты талкаланганын жарыялаган. Эл аралык журналисттерди коргоо комитети хусилер көзөмөлдөгөн аймактардан бейтарап маалымат алуу кыйын болгондуктан, бул кабарды тактап жатканын билдирген.

Иран колдогон "Ансар Аллах" (Йемендик хусилер) тобу Йемендин басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөйт, баллистикалык ракетага ээ. Газа секторундагы согушту токтотууну талап кылып Израилди маал-маалы менен аткылап турат.


Шерине

XS
SM
MD
LG