Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:48

Орусия Украинанын темир жол тармагына сокку урду, поезд каттамдары кармалууда


Харьковдогу Лозовая темир жол бекети Орусиянын аткылоосунан кийин. Август, 2025-жыл
Харьковдогу Лозовая темир жол бекети Орусиянын аткылоосунан кийин. Август, 2025-жыл

Орусиянын армиясы 17-сентябрга караган түнү Украинанын темир жол тармагына сокку урду.

Бул тууралуу "Укрзализныци" (Украин темир жолдору) компаниясынын башчысы Александр Перцовский билдирди.

Маалыматка караганда, соккулар подстанцияларга урулган.

"Каттамдардын бир бөлүгүнүн багыты өзгөрдү, азыр резервдеги 20 тепловоз ишке тартылды. Бир катар поезддерди окуя болгон жерлерге жетпей биздин диспетчерлер токтотушту", – деп жазылган компания тараткан маалыматта.

Шаарлар аралык каттамдар жокко чыгарылган. Эл аралык жана жергиликтүү көптөгөн каттамдар кармалууда.

Орусия Украинанын темир жол тармагын буга чейин да бутага алган. Августта Харьковдогу Лозовая темир жол бекетине сокку урулган.

Шерине

XS
SM
MD
LG