Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:48

УКМК Кыргызстанда казак жараны кармалганы боюнча түшүндүрмө берди


Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстанда кармалган казак жаранынын иши боюнча түшүндүрмө берди. Атайын кызмат тараткан маалыматта З.А. аттуу жаран 2,5 миллион долларды ыйгарып алды деген арыздын негизинде кармалганы айтылат.

“Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул факт тастыкталып, Казакстан Республикасынын жараны З.А. кармалган жана ага тиешелүү айып тагылган. Сот анын бөгөт чарасы катары камакка алуу чечимин тандаган”-деп айтылат билдирүүдө.

Айыпталуучу күнөөсүн толук мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толтура баштаганын да УКМК кошумчалады.

Буга чейин соцтармактарга казак президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылган казакстандык аялдын видеосу тараган. Анда ал ишкерлик менен алектенген күйөөсү Кыргызстанда мыйзамсыз кармалганын айтып, жардам сураган.

Айрым маалымат каражаттары бул Алмаз Зарипов аттуу ишкердин жубайы экенин жазып чыгышкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG