Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:07

Евробиримдик украин качкындарына жардам программасын өзгөртүүнү көздөөдө


Украина. Архив сүрөт.
Украина. Архив сүрөт.

Европа Биримдиги украиналык качкындарга убактылуу жардам программасын бара-бара кыскартууну көздөөдө. Орусиянын 2022-жылдын февралындагы жапырт кол салуусунан кийин тутанган согуштан улам үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон украин жарандарына колдоо көрсөтүү программасы боюнча жаңы сунуштар алардын мекенине кайтуусун камсыздоого же Евробиримдик аймагында жашоонун башка да мыйзамдуу макамдарына өтүүгө багытталат.

"Евробиримдиктин украин эли менен тилектештиги ошол эле бойдон. Бирок украин элинин өз мекенин калыбына келтирүүгө жардам берүү үчүн үйүнө кайтуусуна шарт түзүлө турган күнгө даярдык көрүүсү да туура болот", - деди Даниянын чет элдиктер жана интеграция министри Кааре Дювбад Бек.

Ал Украинага кайтуу "акырындык менен жана туруктуу реинтеграцияга өзгөчө көңүл буруу аркылуу" ишке ашуусу зарыл экенин белгилеп, мисалы, качкындар адегенде үйүнө бир азга барып келсе болорун айтты.

Ошол эле учурда ЕБ Кеңеши европалык өлкөлөрдү эгер украин качкындары ошол жакта иштөөгө, окууга же үй-бүлөлүк шартына байланыштуу уруксат сураса аларга тийиштүү документ берүүгө үндөдү.

Еврошаркеттин украин качкындарына колдоо көрсөтүү боюнча 2022-жылдын март айында ачылган программасынын мөөнөтү 2027-жылдын мартында аяктайт. Анын алкагында 4 миллионго жакын украин жараны Европа аймагына барып, ошол жакта жардам алууда. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG