Айдаана Аматова пианист, ал эми Талгат Молдалиев коомдук активист катары белгилүү.
Кыргыз-тажик чек арасындагы айылда эксперименталдык гимназия мектебин түптөп, аны мыкты билимканалардын катарына кошо алган педагог Гапыр Мадаминов базар экономикасы күч алганда кантип акысыз мектеп ачканы, өзү иштеп чыккан окутуунун жаңы ыкмалары жана "Энелер мектеби" туурасында айтып берди.
Коронавирус кантип оркестрге таасирин тийгизди? Жыт сезүү канча убакытта калыбына келет? Кадимки жазуу аркылуу кантип адам өзүн тааныйт? “Азаттыкта” илим дүйнөсүндөгү акыркы жаңылыктар.
Тун наристесин кайын журту багып алган эненин абалы кандай болот?
Юпитерде гелий жамгыр катары жаайт. Климатты жөндөгөн микробдор табылды. Расмий таанылган 5-деңиз. “Азаттыкта” илимдеги акыркы жаңылыктардын топтому.
Коронавирустан каза тапкан белгилүү меценат, ишкер Ташкул Керексизовдун Түп районунун Талды-Суу айылындагы “Шам-Бала” жайы тууралуу тартылган видео. Маркум бул жерге өспүрүмдөрдү чогултуп, чет элдиктерге кызмат көрсөтүүгө, өздөрүнө бир аз акча тапканга үйрөтүп, окууларды уюштурууну көздөп жүргөн.
Бишкекте Kyrgyz Network академиялык уюму билимдүү жаштардын башын бириктирип, жыйын өткөрдү. Ага башка мамлекеттерде иштеп жаткан жаштар дагы катышты. Алар өз тажрыйбалары менен бөлүштү.
"Азаттыктын" дүйнөдө илим жаатында болуп жаткан ачылыштар менен тааныштырган рубрикасы кайра жанданды. Бул жолу ойго негизделген байланышты изилдөө, онлайн акыл оюндарынын мээнин иштешине таасири жана атактуу физик Альберт Эйнштейндин каты тууралуу баяндайбыз.
Үч күндөн бери дайынсыз болуп аткан түрк мугалиминин тарапташтары кыргыз бийлиги Инандыны табуу боюнча жетиштүү аракет көрбөй жатат деп нааразылык акцияларын улантышууда. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү.
Быйыл Кыргызстанда 11-классты 61546 өспүрүм аяктап жатат. Ал эми 9-классты 103 414 окуучу бүтүрдү.
Дагы жүктөңүз