Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

Ойдогу жазууну экранга көчүргөн илимдин күчү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Азаттыктын" дүйнөдө илим жаатында болуп жаткан ачылыштар менен тааныштырган рубрикасы кайра жанданды. Бул жолу ойго негизделген байланышты изилдөө, онлайн акыл оюндарынын мээнин иштешине таасири жана атактуу физик Альберт Эйнштейндин каты тууралуу баяндайбыз.

Эми жазууну элестетүү аркылуу ишке ашыруу мүмкүн

Мээге жайгаштырылган электроддор адамдын элестетүүсүндөгү кол жазманы экранга чыгарды. Тактап айтканда, адам кагазга жазып жатканын элестеткен учурда ал жазуу экранда пайда болот. Мээдеги жазууну экранга көчүрүү – майыптыгы бар, шал оорусуна чалдыккан же сүйлөө жөндөмү жок, бир гана оюн колдоно алган адамдардын жашоосун жеңилдетет.

Мойнунан ылдый денеси кыймылдабаган 65 жаштагы адамга эки электрод импланты коюлган. Алар мээнин кол жана манжаларга жооп берчү бөлүгүнө жайгаштырылган. Натыйжада ал адам кагазга жазып жатканын элестеткен учурда, атайын алгоритм ар бир элестетилген тамгага ылайык нейрондук паттерндерди иштеп чыгып, экранга текст түрүндө көрүнүп турган.

Ошентип, тажрыйбанын катышуучусу мүнөтүнө 15 сөз же 90 символ жаза алды.

Бул маалыматты Стэнфорд университетинин Медициналык институтунун изилдөөчүсү Кришна Шеной жана анын кесиптештери Nature басмасына 12-майда билдиришкен.

Шенойдун айтымында, ойго негизделген байланышты изилдөө эми гана жанданды. Алдыда дагы көп изилдөөлөр талап кылынат. Изилдөөчүлөр бул системаны такыр кыймылдай албаган жана сүйлөө жөндөмүнөн ажыраган адамга сынап көрүүнү пландап жатышат.

Булак: https://www.sciencenews.org/, https://www.nature.com/

Онлайн акыл оюндары мээнин иштешин жакшыртпайт

Күн сайын кандайдыр бир маселени чечүүгө багытталган онлайн оюндарын ойноо менен акылды курчутуп, эс-тутумду, вербалдык жөндөмдү жакшырта алабыз деген ойду окумуштуулар четке какты.

Онтариодогу Батыш университетинин когнитивдик нейробиологу Бобби Стояноски мындай жыйынтыкка кесиптештери менен бирге жүргүзгөн ири тажрыйбадан соң келген.

Окумуштуулардын кызыктуу тажрыйбасына дүйнө жүзү боюнча 8563 ыктыярчы катышкан. Алардын 1009у онлайн акыл оюндарын орточо эсеп менен эки жумадан беш жылга чейин ойногондорун билдиришкен.

Ыктыярчылар эс тутумду, ой жүгүртүүнү жана вербалдык жөндөмдөрдү баалай турган 12 когнитивдик тесттен өтүшкөн. Баш катырмалардан, мейкиндиктеги ой жүгүртүүгө багытталган көнүгүүлөрдөн, стратегиялык маселелерден турган көнүгүүлөрдү аткарышкан.

Натыйжада акыл жөндөмдү өстүрүүчү онлайн оюндарды ойногон адамдар менен акыл оюндарынан алыс адамдардын интеллектуалдык деңгээли бирдей болуп чыккан. Бул эки топтун эс тутумунда да, вербалдык жөндөмдөрүндө да, акыл-эсинде да чоң айырмачылык болгон эмес. Андай программаларды 18 айдан кем эмес убакыт колдонуп жүргөндөр да артыкчылык көрсөтө алышкан жок.

Окумуштуулар акыл оюнун ойногондорду жашына, колдонгон программаларына, билимине, социалдык-экономикалык статусуна карап да анализдеп көрүшкөнү менен алардын жалпы деңгээли акыл оюндарын ойнобогон топтуку менен бирдей болуп чыккан.

Изилдөө тобунун башында турган Бобби Стояноски "Чогулган маалыматты кандайынан алып карабайлы, биз акылды машыктыруунун когнитивдик жөндөмдөргө байланыштуу экендигине эч кандай далил тапкан жокпуз” деп билдирди.

Булак: https://www.sciencenews.org/

Эйнштейндин кол жазмасы 1,2 млн. долларга сатылды

Атактуу физик Альберт Эйнштейнге таандык кат аукциондо аты-жөнүн жашырган коллекционерге 1,2 миллион долларга сатылды.

Бул катты Альберт Эйнштейн анын айрым теорияларын сынга алып жүргөн физик Людвик Зильберштейнге 1946-жылдын 26-октябрында жолдогон. Бул кат Зильберштейндин архивинен табылып, анын үй-бүлөсү тарабынан аукциондо сатылып отурат.

Бир бетке сыйган немис тилиндеги бул катта Эйнштейндин энергия барабар масса, квадраттагы жарыктын ылдамдыгына көбөйтүлгөн (E = mc2) атактуу теңдемеси жазылган. Бул теңдемени Эйнштейн алгачкы жолу 1905-жылы өзүнүн илимий макаласында жарыялаган. Теңдеме жарыяланганга чейин физиктер масса менен энергияны эки башка кубулуш катары карап келишкен. Эйнштейн андай эмес экенин далилдөө менен физика илиминде бурулуш жасай алган.

Булак: https://www.sciencealert.com/

XS
SM
MD
LG