Билим берүү жана илим министрлиги коронавирус пандемиясынан улам өлкө аймагында Акыркы коңгуроо салтанатын онлайн өткөрүү тууралуу буйрук чыгарган. Бишкектеги айрым муниципалдык жана жеке менчик мектептерде гигиеналык эрежелерди сактоо талабы менен уюштурулду.
Аралыктан кагылган "Акыркы коңгуроо"
Быйыл Кыргызстанда 11-классты 61546 өспүрүм аяктап жатат. Ал эми 9-классты 103 414 окуучу бүтүрдү.

1
Коронавирус пандемиясынан улам "Акыркы коңгуроо" салтанаты быйыл экинчи ирет онлайн уюштурулуп жатат.

2
Бишкектеги №77 мектептин онлайн бүтүрүү жыйынына катышып жаткан 11-класстын окуучулары.

3
Онлайн бүтүрүү аземин өткөрүп жаткан мугалим.

4
1-класстын окуучулары үчүн да онлайн "Акыркы коңгуроо" салтанаты уюштурулду.

5
Бишкек шаарындагы дагы бир мектепте 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн "Акыркы коңгуроо" салтанаты онлайн өттү.

6
Салтанатка жалаң мугалимдер катышты. Окуучулар Zoom программасы аркылуу салтанатка күбө болду.

7
№77 мектептин мугалимдери "Акыркы коңгуроо" салтанаты учурунда.

8
Бишкектеги айрым муниципалдык мектептерде азем гигиеналык эрежелерди сактоо талабы менен уюштурулду.

9
Бишкек шаарындагы Жалил Садыков атындагы №84 орто мектептеги "Акыркы коңгуроо" салтанаты.

10
Бишкек шаарындагы Жалил Садыков атындагы №84 орто мектебин 88 окуучу аяктады.

11

12
Коронавирус пандемиясынан улам Бишкекте мектептер, бала бакчалар жарым-жартылай жабык. Аймактарда балдар окуу жылынын жарымынан мектепке жана бала бакчага бара баштаган.

13
Бүтүрүүчү кыздар.

14
Кыргызстанда жалпы 2 296 мектеп бар.

15
Исфана шаарындагы Гагарин атындагы орто мектептеги "Акыркы коңгуроо" салтанаты. Лейлек району.