69 миллион долларга бааланган графикалык сүрөт. Миңден ашык сүрөткө жан киргизген санарип көргөзмө. Чет өлкөлүк рынокко чыгууну көздөгөн санарип сүрөтчүлөр.
Ушул күндөрү мектеп бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүп жатышат. Алардын арасында Баткен облусундагы чек ара чырында жапа чеккен айылдардагы балдар да бар. Жылдыз Арыстанбекова баткендик окуучуларды сынакка даярдоо демилгесин колго алып, акысыз онлайн курстарын уюштурган.
"Раритет" китеп дүкөнүнүн аянты аукционго коюлду. Мамлекеттик мүлк фонду аукционду июнь айына белгилеген. "Раритеттин" Ала-Тоо аянтындагы дүкөнү мамлекеттик имараттын ичинде жайгашкан.
Нарындык Болот Калил уулу төрт жылдан бери Британиядагы "Shotpage ltd" компаниясында инженер программист болуп иштейт. Ал кесиптештери менен биргеликте "AvA "деп аталган селфи робот жасаган. Келечекте анын дагы жаңы түрлөрүн жасоону көздөп жатат.
НАСАнын "Perseverance" көлүк-роботу Марс планетасында биринчи жолу көмүр кычкыл газын кычкылтекке айлантты. Адам дем алган газдын башка планетада өндүрүлүшү келечекте "Кызыл планетага" адамдарды жөнөтүүгө шарт түзмөкчү. Буга чейин көлүк-роботтун тик учагы Марста алгач ирет асманга көтөрүлгөн.
Бишкекте 23-апрель эл аралык китеп күнүндө балдарга арналган 400гө жакын электрондук китептин презентациясы өттү. Аларды кыргызстандык 25 автор жазып, 20 иллюстратор сүрөтүн тарткан. Балдар жазуучуларынын китептери www.kitep.edu.gov.kg дарегинде жайгашкан. Бул иштер ЮСАИДдин "Окуу керемет" долбоорун
Кыргызстандагы белгилүү коомдук ишмер, педагог, маркум Жангороз Каниметовдун (1950--2020) элесине арналган блог. Бул эскерүүнү элчи, кыргыз эл акыны Акбар Рыскул сунуштайт.
Нарын районундагы Ак-Кудук айылынын мектеби авариялык абалда болгондуктан, окуучулар онлайн режиминде окуп жатышат. Кыштакта интернет маселеси дагы чоң көйгөйгө айланган. Ак-Кудук Нарын шаарынан 80 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Америкалык компанияда DevOps-инженер болуп иштеген Айдана Өмүрбаева менен жубайы Сloud-инженер Бакыт Абдишов кыргызстандыктарга ITни акысыз үйрөткөн “Келечек” деген долбоор башташты.
Дагы жүктөңүз