Атайын кызматтардын иликтөөлөрүнө караганда аялдар арасында диний экстремизм менен алектенгендердин катары өсүп баратат.
Мурдагы "Ысык-Көл" кинотеатрынын ордуна курулуп жаткан жаңы борбордук мечиттин курулушу дагы эки жылда бүтөт. Учурда дубалдары, мунаралары курулуп бүттү. Эми ички жасалгалары башталат. Мечит курулушуна кетчү 25 млн. доллардын 70 пайызы Түркиянын дин иштери боюнча мекемеси көтөрөт. Мечитке бир учурда 10 миңден ашык киши батат жана Борбор Азия боюнча эң ири мечиттердин катарына кирет.
Бишкектин эски аянтында айт намазы окулду. Жааган жаанга карабай намазга келгендердин саны көп болду. Курман айт майрамы менен калың журтту муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков куттуктады.
1995-жылдын 10-августунда чыккан кыргыз өкмөтүнүн токтомунда ислам жана христиан диндери менен катар эле Кыргызстанда буддизм дагы салттуу дин деп белгиленген.
Тажикстанда Ислам борборунун уламалар кеңеши Сирияга барып согушка катышуу же ага чакырык таштоо “чоң күнөө” деген фатва чыгарды. 25-сентябрдагы жыйында дин ишмерлери бул фатва менен жихадга чакырык таштоого тыюу салды.
Бишкек шаарынын 60 жаштагы бир тургуну кызы вахабизм идеологиясынын туткунуна түшүп, өзү кысымга кабылып жатканын айтып чыкты.
Мусулмандардын тарыхы менен исламдын тарыхын бөлүп кароо мезгили келип жетти.
Өздөрүн укук коргоочу атаган бир катар адамдар Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков муфтияттын ички ишине кийлигишип жатканын айтып чыгышты.
Кыргызстандагы диний азчылыктардын укуктары кандай корголууда, жана алар мамлекеттик мыйзамдарды канчалык сактап же бузуп жатат?
Бүгүн Ош шаарынын борбордук мечитинде 21-сентябрда ажы сапарына аттанган 192 зыяратчыны узатуу иш-чарасы өттү. Сапарга аттангандарды калаа жетекчилери, дин кызматкерлери жана жакындары узатышты.
Камалган молдолор Ирак менен Сириядагы согушкерлердин катарына кошуу үчүн албан улутундагы адамдар арасында үгүт жүргүзгөн деп айыпталууда.
Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” диний уюмунун мүчөсү деп шектелген Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Диляр Жумабаевди укук коргоо органдары эки айга камакка алды.
Дагы жүктөңүз