Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Кыргыз жеринде унутулган буддисттер

Вьетнамдагы Будданын эстелиги.
Вьетнамдагы Будданын эстелиги.

1995-жылдын 10-августунда чыккан кыргыз өкмөтүнүн токтомунда ислам жана христиан диндери менен катар эле Кыргызстанда буддизм дагы салттуу дин деп белгиленген.

Бирок акыркы мезгилде бул диндин абалы, иш-аракети жөнүндө дээрлик маалымат жок. Кыргызстанда жашаган буддисттер, дегеле бул дин тууралуу “Чам Сен” буддист уюмунун жетекчиси Олег Цой “Азаттыкка” маек курду. Олег Цой өзү кесиби боюнча врач-терапевт.

"Азаттык": “Чам Сен” деген сөз эмнени түшүндүрөт жана бул уюмду түзүүдөгү негизги максат эмне эле?

Олег Цой: “Чам Сен” деген эмне экенин мен деле жакшы билбейм. Мага чейин ушундай ысым берилген экен. 1995-жылы түзүлгөн бул коом буддизмдин Түштүк Кореяга тиешелүү агымы. Мен бул уюмду беш жылдан бери жетектейм. Негизги максатыбыз - жер жүзүндө тынчтыктын орношуна кызмат кылуу. Ар түрдүү диний уюмдардын ынтымагына салым кошуу.

Менден дайыма "уюмда канча мүчөңүздөр бар?" деп сурашат. Ага биз мындай эсеп кылбайбыз деп жооп берем. Биз үчүн ал кызыктуу эмес, айырмасы деле жок. Бишкектеги мүчөлөрүбүз 200дүн айланасында болушу мүмкүн.

"Азаттык": Кыргызстанда башка буддист уюмдары, бирикмелери барбы? Мисалы, Бишкектин түштүк тарабындагы Тоолуу Маевкадагы "Ниппонзан Меходзи" деген уюм бар. Аны менен байланышыңыздар кандай?

Олег Цой: Тоолуу Маевкада биздин кичинекей монастырыбыз бар. Ал жерде Дзюнсэй Тэрасава деген жапониялык киши кызмат кылат. Бул Ниттерен деген жапониялык окуу болуп эсептелет. Алар биздин уюмдун алкагында иш алып барышат. Бизде Кыргызстан боюнча бир гана ушул монастыр иш алып барат. Чындыгында ал аябай кичине жер. Монастыр деп айтуу деле кыйын. Негизинен сыйынуу жөрөлгөлөрүн өткөрүү үчүн даярдалган.

Муну менен катар биздин дагы бир агымыбыз бар. Карма Кагъю (“Кызыл шөкүлө”) деп аталган бул агым тибеттик окуу болуп эсептелет. Алардын белгилүү бир уюму же сыйынган жайы жок. Көпчүлүк мезгилде өз батирлеринде чогулушат.

Кыскасы, Кыргызстанда биздин эки агымыбыз бар. Биринчиси - "Ниттерен" жапониялык окуусу, экинчиси тибеттик "Карма Кагъю".

"Азаттык": Мамлекеттик органдардан каттоодон өткөнсүздөрбү?

Олег Цой: Албетте. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өткөнбүз. Юстиция министрлигинен да өтүп, юридикалык уюм катары катталганбыз.

"Азаттык": Башка диний уюмдар менен байланышып турасыздарбы? Муфтият менен мамилеңиздер кандай?

Олег Цой: Бардык диний уюмдар менен эле катнашыбыз бар. Мусулмандар менен, өлкөбүздөгү ар түрдүү христиан агымдары менен жолугуп турабыз. Бул маселеде бизге Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жардам берип турат. Мындан сырткары Кыргызстанда атайын түзүлгөн Диндер аралык кеңеш да биздин жыйналып, пикир алышуубузга шарт түзүп берүүдө.

Муфтият менен эки тараптуу мамилебиз жок. Бирок биз элибиздин 80 пайызы исламды тутунгандыктан кандайдыр бир демилге менен чыгуудан да алыспыз. Алар өз иштери менен алек болушууда. Биз бул нерсеге сый-урмат менен карайбыз. Ал эми негизинен Бахаилер менен пикирдеш катары чогулуп, катташып турабыз.

"Азаттык": Эсиңизде болсо, 1995-жылдын 10-августунда жарык көргөн өкмөт токтомунда Ислам, христиан дини менен катар буддизм да биз үчүн “салттуу дин” деп айтылган эле. Бирок эмнегедир акыркы мезгилде сиздерди эстеп койгон жан жок. Мамлекеттик иш кагаздарында сиздер жөнүндө айтылбайт, мамлекеттик кызматкерлердин оозунан буддизм деген сөздү деле укпай калдык. Сиздер ушунчалык азайып кеттиңиздерби же унутуп калып жатышабы?

Олег Цой: Бизди көбүнесе унутуп калып жатышат. Биз да өзүбүз жөнүндө ашыкча эле эстеткибиз келбейт. Буддизм философиялык окуу болгон үчүн биз ашыкча эле өзүбүз жөнүндө айта бербейбиз.

"Азаттык": Кыргызстанда дагы кандай көйгөйлөргө дуушар болуп жатасыздар?

Олег Цой: Негизи көйгөй деле жок. Будда өзүнүн окуучуларын окутуп жатканда "Көйгөй адамдын өз башында, көйгөй өзү жок нерсе" деп айткан.

"Азаттык": Мянмада, Бирмада болуп жаткан окуяларга кандай карайсыз?

Олег Цой: Бирма - бул буддизмдеги өзгөчө кызык багыт болуп. Буддизмдин Түштүк мектебине кирет. 14-кылымда ислам жана башка диндердин жайылуусунун натыйжасында Индиядагы таасирин жоготкондон кийин буддизм Кытай, Тибет, Корея, Жапония, Таиландда жайылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ал эми Бирмадагы буддизм өзүнүн салттык өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып турат. Көбүнесе улуттук өзгөчөлүктөр менен жуурулушкан.

Буддизмде өкмөт менен тирешүү туура эмес деп саналат. Будда "Башкаруучу бийликке баш ийүү керек" деп айткан. Эгерде ал жакта буддисттер кандайдыр бир чатакка аралашкан болсо, бул дүйнө жүзүндөгү бардык буддисттер аларды колдойт дегенди түшүндүрбөйт. Бул нерсеге ошол өлкөнүн өзгөчөлүгү катары гана караш керек.

"Азаттык": Кыргызстандагы буддист окууларынын арасында өз ара атаандашуу барбы? Мисалы Ниттерандар менен Тибет окуусунун арасында..

Олег Цой: Эч кандай атаандашуу жок. Ар ким өзүнүн иши менен алек. Биз өз ара тирешкидей көп санда эмеспиз. Эгер көп болгонубузда тирешүү болушу мүмкүн эле. Бизде болгону эки агым болгондуктан атаандашуу үчүн негиз жок.

"Азаттык": Буддизмдин Кыргызстандагы келечегин кандай деп элестетесиз?

Олег Цой: 14-кылымга чейин Кыргызстандын азыркы аймагын көбүнесе христиандар менен буддисттер байырлашкан. Бирок ошол мезгилдеги чума эпидемиясынын натыйжасында алардын көпчүлүгү бул аймакты таштап кеткен. Ошол мезгилден тарта Кыргызстанда буддизм өзүнүн ордун жоготкон. Биздин уюм 1995-жылы түзүлүп жатканда Кыргызстанда буддизди жандандырууну өзүнө максат кылып койгон.

"Азаттык": Ушул жылдын июль айында Чүй облусунун Красная Речка айылында Будданын чоң эстелиги табылды. Бул тарыхый табылга сиздер үчүн канчалык маанилүү?

Олег Цой: Мурда айтып өткөндөй, Кыргызстандын аймагында буддисттер жана буддист айылдары көп болгон. Ошолордун бирөө болгон Красная Речкадагы шаарчаны союз убагында да археологдор казышкан болчу. Ошондо ал жерден 12 метрлик Будданын эстелиги табылып, аны Ленинградга реставрацияга деп алып кеткен боюнча кайтарып беришкен эмес. Бирок эгер биз азыр ал эстеликти кайра алып келели десек да коерго жер жок.

"Азаттык": Жаңы монастрларды ачуу боюнча аракет кылып жатасыздарбы?

Олег Цой: Бул маселени өз арабызда талкуулап жатабыз. Кээде чет элдик буддисттерди да тарттык. Кытайдын, ошол эле Жапониянын буддисттери менен сүйлөшсөк, алар бул ишти активдүү жасоого али эрте деп айтышууда. Себеби, элдин көпчүлүгү мусулман болгондуктан, буддисттердин бар экендигин ашыкча эле көрсөтүүнүн кереги жок деп ойлойбуз.

Кыргызстан. Красная-Речка айылынан табылган Будданын эстелиги. 15-июль, 2014-жыл.

Кыргызстандагы буддизмдин издери

Кызыл - Өзөн  байыркы  шаарындагы төрүндө Будданын чоң айкели турган, жаңы табылган үчүнчү храмдын жалпы көрүнүшү. 
1/10 Кызыл - Өзөн  байыркы  шаарындагы төрүндө Будданын чоң айкели турган, жаңы табылган үчүнчү храмдын жалпы көрүнүшү. 
Чоңдугу Самарканддан кийинки эле байыркынын мегаполиси эсептелген Невакент, же болбосо Красная Речка -Кызыл Өзөн аталган Чүй өрөөнүндөгү шаарда дагы бир будда храмы табылды. Андагы кечилканада беш метрлик түштүк-чыгышты карап отурган Будданын айкели да бар экен. Бирок, белинен ылдыйы гана сакталып калган бул айкел алгачкы эмес. 1961-жылы 12 метрлик айкел табылып, оңдоп-түзөө үчүн Эрмитажга жөнөтүлгөн боюнча келе элек.
Храмдын төрүн ээлеген беш метрлик бул Будданын тегереги бир кездерде абдан жасалгалуу жана кооз болгону анын тегерегиндеги калдыктардан улам белгилүү болуп отурат. 
2/10 Храмдын төрүн ээлеген беш метрлик бул Будданын тегереги бир кездерде абдан жасалгалуу жана кооз болгону анын тегерегиндеги калдыктардан улам белгилүү болуп отурат. 
Чоңдугу Самарканддан кийинки эле байыркынын мегаполиси эсептелген Невакент, же болбосо Красная Речка -Кызыл Өзөн аталган Чүй өрөөнүндөгү шаарда дагы бир будда храмы табылды. Андагы кечилканада беш метрлик түштүк-чыгышты карап отурган Будданын айкели да бар экен. Бирок, белинен ылдыйы гана сакталып калган бул айкел алгачкы эмес. 1961-жылы 12 метрлик айкел табылып, оңдоп-түзөө үчүн Эрмитажга жөнөтүлгөн боюнча келе элек.
Жаңы табылган  үчүнчү кечилкананын храмындагы беш метрлик Будда. Ал түштүк-чыгышты карап, мандаш токунуп отурган калыбында белинен ылдый гана сакталып калган. Башы храм ураганда  талкаланса керек.  
3/10 Жаңы табылган  үчүнчү кечилкананын храмындагы беш метрлик Будда. Ал түштүк-чыгышты карап, мандаш токунуп отурган калыбында белинен ылдый гана сакталып калган. Башы храм ураганда  талкаланса керек.  
Чоңдугу Самарканддан кийинки эле байыркынын мегаполиси эсептелген Невакент, же болбосо Красная Речка -Кызыл Өзөн аталган Чүй өрөөнүндөгү шаарда дагы бир будда храмы табылды. Андагы кечилканада беш метрлик түштүк-чыгышты карап отурган Будданын айкели да бар экен. Бирок, белинен ылдыйы гана сакталып калган бул айкел алгачкы эмес. 1961-жылы 12 метрлик айкел табылып, оңдоп-түзөө үчүн Эрмитажга жөнөтүлгөн боюнча келе элек.
Будданын алдына коюлган идиш жана бир кездеги кооз  жасалгалардан калган калдыктар.
4/10 Будданын алдына коюлган идиш жана бир кездеги кооз  жасалгалардан калган калдыктар.
Чоңдугу Самарканддан кийинки эле байыркынын мегаполиси эсептелген Невакент, же болбосо Красная Речка -Кызыл Өзөн аталган Чүй өрөөнүндөгү шаарда дагы бир будда храмы табылды. Андагы кечилканада беш метрлик түштүк-чыгышты карап отурган Будданын айкели да бар экен. Бирок, белинен ылдыйы гана сакталып калган бул айкел алгачкы эмес. 1961-жылы 12 метрлик айкел табылып, оңдоп-түзөө үчүн Эрмитажга жөнөтүлгөн боюнча келе элек.
Үчүнчү  храмдын  ичинде, беш метрлик Будданын алдынан табылган фрагменттер.  
5/10 Үчүнчү  храмдын  ичинде, беш метрлик Будданын алдынан табылган фрагменттер.  
Чоңдугу Самарканддан кийинки эле байыркынын мегаполиси эсептелген Невакент, же болбосо Красная Речка -Кызыл Өзөн аталган Чүй өрөөнүндөгү шаарда дагы бир будда храмы табылды. Андагы кечилканада беш метрлик түштүк-чыгышты карап отурган Будданын айкели да бар экен. Бирок, белинен ылдыйы гана сакталып калган бул айкел алгачкы эмес. 1961-жылы 12 метрлик айкел табылып, оңдоп-түзөө үчүн Эрмитажга жөнөтүлгөн боюнча келе элек.
Ушул тегеректе, чоң &nbsp;аймакты ээлеп жаткан байыркы чоң шаар - Кызыл - Өзөндүн &nbsp;чыгыш тарабынан табылган Карахан мезгилиндеги &nbsp;турак-жай &nbsp;калдыгы. &nbsp;9-11-кылымдарга таандык.<br />
&nbsp; &nbsp;&nbsp;
6/10 Ушул тегеректе, чоң  аймакты ээлеп жаткан байыркы чоң шаар - Кызыл - Өзөндүн  чыгыш тарабынан табылган Карахан мезгилиндеги  турак-жай  калдыгы.  9-11-кылымдарга таандык.
    
Чоңдугу Самарканддан кийинки эле байыркынын мегаполиси эсептелген Невакент, же болбосо Красная Речка -Кызыл Өзөн аталган Чүй өрөөнүндөгү шаарда дагы бир будда храмы табылды. Андагы кечилканада беш метрлик түштүк-чыгышты карап отурган Будданын айкели да бар экен. Бирок, белинен ылдыйы гана сакталып калган бул айкел алгачкы эмес. 1961-жылы 12 метрлик айкел табылып, оңдоп-түзөө үчүн Эрмитажга жөнөтүлгөн боюнча келе элек.
7-8-кылымдардагы &nbsp;Будда храмы. Бул - археологдор &nbsp;1960-жылдары тапкан экинчи храм. 80-90-жылдары үстү жабылып, мамлекеттин коргоосуна алынган.&nbsp;
7/10 7-8-кылымдардагы  Будда храмы. Бул - археологдор  1960-жылдары тапкан экинчи храм. 80-90-жылдары үстү жабылып, мамлекеттин коргоосуна алынган. 
Чоңдугу Самарканддан кийинки эле байыркынын мегаполиси эсептелген Невакент, же болбосо Красная Речка -Кызыл Өзөн аталган Чүй өрөөнүндөгү шаарда дагы бир будда храмы табылды. Андагы кечилканада беш метрлик түштүк-чыгышты карап отурган Будданын айкели да бар экен. Бирок, белинен ылдыйы гана сакталып калган бул айкел алгачкы эмес. 1961-жылы 12 метрлик айкел табылып, оңдоп-түзөө үчүн Эрмитажга жөнөтүлгөн боюнча келе элек.
7-8-кылымга таандык экинчи храмдын чыгыш капталы.&nbsp;
8/10 7-8-кылымга таандык экинчи храмдын чыгыш капталы. 
Чоңдугу Самарканддан кийинки эле байыркынын мегаполиси эсептелген Невакент, же болбосо Красная Речка -Кызыл Өзөн аталган Чүй өрөөнүндөгү шаарда дагы бир будда храмы табылды. Андагы кечилканада беш метрлик түштүк-чыгышты карап отурган Будданын айкели да бар экен. Бирок, белинен ылдыйы гана сакталып калган бул айкел алгачкы эмес. 1961-жылы 12 метрлик айкел табылып, оңдоп-түзөө үчүн Эрмитажга жөнөтүлгөн боюнча келе элек.
Экинчи &nbsp;храмдын &nbsp;дубалдары.
9/10 Экинчи  храмдын  дубалдары.
Чоңдугу Самарканддан кийинки эле байыркынын мегаполиси эсептелген Невакент, же болбосо Красная Речка -Кызыл Өзөн аталган Чүй өрөөнүндөгү шаарда дагы бир будда храмы табылды. Андагы кечилканада беш метрлик түштүк-чыгышты карап отурган Будданын айкели да бар экен. Бирок, белинен ылдыйы гана сакталып калган бул айкел алгачкы эмес. 1961-жылы 12 метрлик айкел табылып, оңдоп-түзөө үчүн Эрмитажга жөнөтүлгөн боюнча келе элек.
7-12-кылымдардагы &nbsp;археологиялык эстеликтин бири - шаардын &nbsp;бийик чеби, сепил. &nbsp;Чынында эле бийик &nbsp;кырдын башында ушундай курулуш бар экен.
10/10 7-12-кылымдардагы  археологиялык эстеликтин бири - шаардын  бийик чеби, сепил.  Чынында эле бийик  кырдын башында ушундай курулуш бар экен.
Чоңдугу Самарканддан кийинки эле байыркынын мегаполиси эсептелген Невакент, же болбосо Красная Речка -Кызыл Өзөн аталган Чүй өрөөнүндөгү шаарда дагы бир будда храмы табылды. Андагы кечилканада беш метрлик түштүк-чыгышты карап отурган Будданын айкели да бар экен. Бирок, белинен ылдыйы гана сакталып калган бул айкел алгачкы эмес. 1961-жылы 12 метрлик айкел табылып, оңдоп-түзөө үчүн Эрмитажга жөнөтүлгөн боюнча келе элек.
Артка
Алдыга

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

  • 16x9 Image

    Заирбек Бактыбаев

    "Азаттык" үналгысынын редактору, журналист.

Куржундар
XS
SM
MD
LG