Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Чүмкөнгөн кызынан чүнчүгөн эне


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын 60 жаштагы бир тургуну кызы вахабизм идеологиясынын туткунуна түшүп, өзү кысымга кабылып жатканын айтып чыкты.

"Кызымдан көрдүм кордукту..."

Алтымыш жаштагы эне Ольга Болгажанова вахабизм идеологиясына кирген кызы менен күйөө баласы “үй-мүлкүңдүн баарын сат, акчасын Ильяз шейхке беребиз” деп опузалап жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Жумгалбек Байбосов аттуу күйөө баласы мүлкүн тартып алуу максатында ур-токмокко алган.

- Булар мени коркутуп жатып, бардык алтындарымды алышты. Жакында эле 10 миң долларымды алып коюшту. "Үйдү, дүкөндү сатабыз, өзүң жалгыз чыгып кет", - деп жатышат. Кызым мындайга бармак эмес. Муну баарын күйөөсү кылып жатат. Кызым ушул агымга киргени аябай агрессивдүү болуп кетти. Күйөөсү мени сабап жатса да карап турат. Азыр эми кепке көнбөсөң ага-эжелерибиз келип эсептешет деп опузалап жатышат. Эмне кыларымды билбей калдым. Укук коргоо органдарына бир нече жолу кайрылдым. Жаңы эле тергөө башталганда токтоп калат.

Болгажанова:Чүмкөнгөн кызым чүнчүттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00

Ольга айым андан ары 2012-жылдан бери кысым алдында жашап келе жатканын кошумчалады. Кызы аны менен макулдашпай туруп мектепти аяктап жаткан уулун Египетке 6 айга дааватка жөнөтүп жибериптир. Бул аралыкта Болгажанова небересин дайынсыз жоголду деп издеп жүрө берет, Эмилдин Египетте жүргөнүн келгенде гана билет. 8-класста окуган небереси да аталган агымга киргени окуусун таштап салган.

Биздин каарманыбыздын сөз кылып жаткан күйөө баласы Жумгалбек Байбосовдон комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Болгажанова шейх деп атап жаткан “Сүннөт” диний уюмунун башчысы Илияз Назарбеков менен байланыштык. Бул киши Кыргызстандагы вахаби же салафи агымынын лидерлеринин бири экени айтылып келет. Ал Ольга айымдын кыз-күйөөсү анын дарстарына катышарын танбайт, бирок “акча талап кылат” деген доомат жалаа экенин айтууда:

- Бул жалган нерсе. Биз эч качан бирөөлөрдөн мал-мүлк талап кылбайбыз. Анын кыз-күйөөсү биздин лекцияларга катышып, намаз окугандан кийин ушундай иштерди жасап, бизге өчөшүп жатат. Алар апасы иштеткен дүкөндө арак сатылбасын деп каршы чыгышкан экен. Ошондон кийин мага жалаа жаап келет. Вахаби же салафи деген уюм жок. Биз болгону Куранды, пайгамбардын сүннөттөрүн элге жеткиребиз.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул факт боюнча кылмыш ишин козгогон. Аталган мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, бул маселе жакын арада сотто каралат.

- Болгажановадан бизге арыз түшкөн. Буга чейин тергөө тобу иш жүргүзгөн. Иш биринчи баскычтагы сотто каралып, далилдөөчү материалдар жетишсиз деген негизде артка кайтарылган. Бүгүнкү күндө тергөө иши кайрадан уланып жатат. Жакын арада сотко өтөт жана бул маселе боюнча сот өз чечимин кабыл алат.

Санааркаткан салафизм

Биз сөз кылып жаткан вахабизм же салафизм ислам дининдеги агымдардын бири. Ага Борбор Азиянын да бир катар өлкөлөрүндө тыюу салынган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Орозбек Молдалиев да вахабизм идеологиясы радикалдык окууга кирээрин айтат:

- Вахабизм менен экстремизмдин арасы бир гана кадам. Бул радикалдык окуу. Бирок тыюу салынган эмес. Мажбурлоо фактысы боюнча тиешелүү органдарга кайрылса, алар жоопко тартылат. Бирок өз алдынча билген намазын окуса аларга эч ким тийишпейт. Анткен менен Орусиянын айрым аймактарында бул агымга тыюу салынган.

Кыргызстанда вахаби идеологиясын жайылтууга тыюу салынган эмес. Бирок алар өздөрүн салафи агымынын өкүлдөрү катары тааныштырып жүрөт. Бирок дин таануучулар салафи агымын тутунгандардын көз карашы көпчүлүк учурда Кыргызстанда салттуу эсептелген ханафи мазхабына туура келе бербесин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG