Маалымат булактарынын кабарлашынча, июль айында Сириядагы жана Түндүк Ирактагы газаватчылардын катарындагы чет элдиктердин саны бир кыйла болот жана өсүүдө.
Тажикстанда атайын рейд жүргүзүлүп, машинесине “Машаллах”, “Бисмиллях”, “Аллах” деп арабча жазып алган 200дөй айдоочуга айып пул салынды.
Ташкендин борбордук бөлүгүндөгү көпүрөгө эл аралык коомчулук тарабынан террордук уюм деп жарыяланган "Ислам мамлекети" тобунун желегине окшош байракты илип кетишти.
Парламенттин билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында вице-спикер Бөдөш Мамырова өкмөт хижаб мектеп формасына кирбейт деген позициясын так аныктап алышы керектигин билдирди. Ислам илимий изилдөө институтунун эксперти Назира Курбанова жоолук маселеси боюнча "Азаттык" менен ой бөлүштү.
Илим диний догмаларга кандай карайт, ал эми диндин илимий ишмердүүлүккө көз карашычы? Динсиз илим, же илимсиз дин болушу мүмкүнбү?
Ысык-Көлдүн жээгинде мусулмандарга ылайыкташкан пляж ачылды. Анын өзгөчөлүгү - эркек-аялдар сууга өз-өзүнчө түшөт. Андан тышкары эс алуучу жайдын жанындагы ашкананын тамактары мусулманчылыктын талаптарына ылайык жасалат.
“Мутакаллим” аялдардын прогрессивдүү уюмунун төрайымы Жамал Фронтбек кызы Кыргызстандагы жоолукчан мусулман кыз-келиндер, аларга карата коомдогу оң жана терс мамилелер тууралуу айтып берди.
Тыюу салынган “Хизб - ут Тахрир” уюмунун каза тапкан мүчөсүнүн сөөгүн жерге берүү зыйнаты учурунда тартылган видеотасма социалдык тармактар аркылуу кеңири тарап, коомчулук назарын бурууда.
Быйылкы ажылык зыяратка барчуларды ташый турган авиакомпанияга байланыштуу маселе чыкты.
Кыргызстанда быйылкы ажылык зыяратка барчуларды ташый турган авиакомпанияга байланыштуу маселе чыкты.
Жалал-Абаддын Сузак районундагы бир катар айылдарда Орозо айт намазы муфтият белгилегенден бир күн мурда окулушу талаш-тартышка алып келүүдө.
Дагы жүктөңүз