Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Филиппинде өтүп жаткан Азия чемпионатында катары менен эки алтын медал утуп, жеке рекордун жаңылады.
Эльза Токтобаева Чолпон-Ата шаарынын тургуну. 50 жылдан бери жылдын кайсы мезгили болбосун көлгө түшүп, көнүгүүлөрдү жасап, ден соолугуна кам көрөт. Ал ушул тапта 21 км марафонго даярдык көрүп жүрөт. 68 жаштагы каарманыбыз Ысык-Көлгө, жаратылышка кам көрүп, шаар тургундарына жардам берүүгө даяр.
Быйыл Казакстанда өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тизмесинде көк бөрү жана кыргыз күрөшү жок экени белгилүү болду. Маданият министри Алтынбек Максүтов Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, бул улуттук эки оюнду тизмеге киргизүүгө көмөктөшүүсүн өтүндү.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды. Атайын кызматтын башчысы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бул кызматка келгенин, өз ишин өлкөдөгү футболдук инфраструктураны жакшыртуудан баштарын билдирди.
Чабуулчу Акрам Афифтин пенальтиден киргизген үч голу менен Катар курама камандасы Азия Кубогун жеңип алды. Финалдык беттеште чемпиондор Иордания курамасын 3:1 эсеби менен утту.
Дохада Азия кубогу финалдык баскычына жетти. Бул жолку мелдеш сенсацияга бай болду. Өзбекстандын жана Тажикстандын командалары чейрек финалга жетти. Кыргызстан тайпадан чыга албаган сегиз команданын бири болуп калды. Азия кубогунун кыргыз футболу үчүн сабагы кандай? “Азаттык” Катардан баяндайт.
Каракол шаарында көк бөрү боюнча облустук турнирде 24 жаштагы улакчы башынан катуу жараат алып, комага түштү. Ага операция жасалганы менен, абалы оор экени кабарланууда. Бул окуя оюн маалындагы коопсуздук маселесин кайра козгоду.
Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогунда бүгүн, 2-февралда чейрек финалдык оюндар башталат. Биринчи беттеште Иордания - Тажикстан, андан кийинки оюнда Түштүк Корея Австралия менен күч сынашат.
Азия кубогунда Борбор Азиядан эки команда - Өзбекстандын жана Тажикстандын футболчулары таймашты улантууда. Доханын стадионунда коңшу өлкөлөрдөн келген күйөрмандар эриш-аркак болуп, улуттук курама командаларды сүрөөнгө алып турду.
Дагы жүктөңүз