Белградда өткөн Күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар эки алтын, үч коло байге алышты.
Изник көлүнүн жээгинде көчмөндөрдүн майрамы уланууда. Мелдештин экинчи күнүндө кыргызстандыктар спорттун беш түрүнөн таймашка чыкты. Аба күрөшүндө ар кандай салмакта кыргыз балбандары күмүш жана коло медаль тагынды.
6-августта Ош шаарынан жолго чыккан эмгек жана спорт ардагери, 75 жаштагы Мамыт Таштанов Түркияда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жетти. Ал алты мамлекеттен велосипед тээп өтүп, Изник шаарына келди.
Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий башталды. Оюндардын ачылуу аземи “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” деп аталган стадиондо өтүп, ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты.
29-сентябрда Түркиянын Изник шаарында Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Ага 102 өлкөдөн барган үч миңдей спортчу катышууда. Кыргызстандан барган 148 атлет спорттун 11 түрү боюнча ат салышат. Кыргызстанда башат алган Көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышына президент Садыр Жапаров катышат.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Орусиянын оюнчулары менен алгачкы жолу беттешти. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон жолдоштук оюнда "ак шумкарлар" орусиялык командага 1:2 эсебинде жеңилди.
Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионатта алтын медал алган кыргызстандык спортчулар Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков, ошондой эле коло байге уткан Амантур Исмаилов Кыргызстанга кайтып келди. Чемпиондорду жакындары, күйөрмандары жана мамлекеттик кызматкерлер тосуп алышты.
Чолпон-Ата шаарында 19-августта майыптыгы бар жарандардын жүрүшү башталды. Жүрүштүн катышуучулары 135 чакырымды басып, 24-августка чейин Каракол шаарына барышат. Биринчи күнү алар 25 чакырымды басып өтүштү.
Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндары 19-августта жыйынтыкталды. Бул оюндарда кыргызстандык спортчулар сегиз алтын, сегиз күмүш жана 10 коло байге утту. Медал алган 56 мамлекеттин арасынан Кыргызстан 9-орунду ээледи.
Дагы жүктөңүз