АКШда президент Байден менен экс-президент Трамп ички партиялык шайлоодо жеңди. 15 штатта өткөн праймеризде Республикалык жана Демократиялык партиялардан президенттикке ким талапкер болуп көрсөтүлөрү аныкталат.
8-мартта Аялдардын тилектештигинин эл аралык күнү белгиленип жатат. Кыргыз акындары аялзатын ыр менен куттуктап, жакшылык каалашты.
АКШга мыйзамсыз жол менен барган ондогон өзбекстандык мекенине кайтарылды. Мексика аркылуу кирип, Америкадагы миграция борборлорунда кармалып турган өзбек жарандарынын дагы бир тобу АКШ бийлигин сотко берсе, тажикстандыктар ачкачылык жарыялашты. Мигранттардын арыз-дооматына эмне себеп?
Украин президенти Владимир Зеленский, Грекиянын премьер-министри Кириакос Мицотакис Одессада жүргөн маалда орус армиясы шаарга сокку урду. Шаар бир нече күндөн бери аткыланып келатат. 7-мартта Одессага Кара деңизден ракета атылары эскертилип, бир нече мүнөттөн кийин коркунуч жок экени жарыяланды.
Кыргызстан эгемендик алгандан бери Бишкектин жака белинде 57 жаңы конуш пайда болгон. Акыркы 24 жыл ичинде шаардын аянты бир жарым эсе кеңейген. "Азаттыктын" кабарчысы борбор калаадагы жаңы конуштарды кыдырып, Мурас-Ордодогу кооптуу көлмөлөрдү, жайы-кышы сууга жетпеген Арча-Бешиктин жашоосун, жер чырынан арылбаган Ак-Ордону тартып келди.
Кыргызстанда 5-марттан тарта жарык маал-маалы менен өчүрүлө баштады. Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандатын Бишкектин административдик соту жокко чыгарды. Атазов бул тууралуу комментарий бере элек. "Супершейшембиде" АКШда Жо Байден менен Дональд Трамп ички партиялык шайлоодо жеңди.
Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу кандай? Өлкөнүн өз элине жетерлик тамак-аш запасы канча? Өкмөт базардагы тамак-аштын баасын канчалык көзөмөлдөп, жөнгө салып жатат? Социалдык жактан аярлуу катмарды тамак-аш менен камсыздоо жагы кандай чечилет?
Charge fast каржылык компаниясына алданганын айткан ондогон жарандар укук коргоо органдарына кайрылганы белгилүү болду.
Кыргызстанда карапайым элдин турмушун жеңилдетип, тазалык ишканасын түзүп, үйүн бала бакчага берип, фитнес борбор ачып, бала бакча курдуруп, жол салдырган айымдар бар. "Азаттык" атайын Ошко сапар тартып, жигердүү айымдардын жетишкендерин тартып келди.
Быйыл эки айда төрт эне төрөттөн ажал таап, 14 бала энесиз калды. Расмий маалыматтарга таянсак, былтыр 38 аял төрөттөн каза болгон.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев кызматтан кетип, анын ордуна Мелис Мураталиев дайындалды. Мындай кадрдык өзгөрүү өзү үчүн күтүүсүз болгонун Осмоналиев айтып чыкты.
Аннексияланган Крымдын жээгинде орус деңиз күчтөрүнүн кайгуул кемеси чөктүрүлгөнүн украин чалгынчылары жана орусиялык согуштук Телеграм-каналдар билдирди. Ал арада Москва немис элчисин чакыртып, Германиянын аскер жетекчилигинин аракеттерин түшүндүрүүнү талап кылды.
Дагы жүктөңүз