Кыргызстанда Charge fast же “Тез заряд” компаниясына акчасын алдаткандар арбын экени ачыкка чыкты. Бүгүнкү күндө милицияга 600дөн ашуун арыз түшкөн. Бишкектин Биринчи май райондук милициясы финансылык пирамиданы уюштурууга шектелип беш жаран убактылуу кармоочу жайга камалганын билдирди.
Владимир Путин 2000-жылы Орусияда президенттик кызматка расмий киришкен. Ал кезде Батышта Орусиянын жигердүү лидери катары таанылса, 24 жылдан кийин кантип Эл аралык кылмыш соту камакка алууга ордер чыгарган саясатчыга айланды? Мындай кырдаалга эмне түрткү болду?
Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак мектеби жаңы имаратка муктаж. Өткөн жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир кылым мурда салынган окуу жайдын имаратын кооптуу абалда деп корутунду чыгарган. Ушул тапта ал жерде 36 бала жашап, билим алууда.
Кыргызстандын айрым аймактарындагы ооруканаларда дары-дармектин камы түгөнүп жатканы тууралуу маселе көтөрүлүүдө. Саламаттык сактоо министри муну төгүндөп жатат.
1937-1949-жылдары СССРде жашаган гректер репрессияга - массалык камоого жана атууга туш болгон. Алар Краснодар аймагынан, Крымдан, Абхазиядан жана Ажариядан депортациянын үч жолку толкунуна кабылган. Сталин режиминин убагында мамлекеттик террордон кеминде 75 миң советтик грек жабыркаган.
Ачарчылыкка кабылган Газага деңиз коридору менен 200 тонна жардам алып бараткан кеме сапарын улантууда. Израил парламенти бюджетке согушту каржылоого кошумча каражат киргизүүнү жактырды.
Орусия Украинага дрондор менен чабуул койду. Кривой Рог шаарындагы соккудан улам үч киши каза таап, дагы 38 адам жараат алды. Ошол эле күнү өздөрүн Кремлге каршы күрөшкөн күчтөр деп атаган ыктыярчылар Орусиянын бир нече облусуна кол салганы кабарланды.
Орусия Украинага дрон чабуулун улантты. Кривой Рог шаарында үч киши каза таап, 38 адам жараат алды. Эл өкүлү Айбек Осмонов өз ыктыяры менен мандатын тапшырып берди. Казакстан 1-июлдан тарта Кыргызстанда лицензияланган продукцияны өз аймагына киргизүүгө тыюу саларын билдирди.
Тил — улуттун улуттугун аныктаган маанилүү критерийлердин бири. Мамлекеттик тил Кыргызстанда өнүгүп жатабы, балдар эмнеге кыргызча сүйлөбөйт, тил саясаты эмнеге таянат? "Азаттыктын" талкуусуна “Биздин Мурас” коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбек жана саясат талдоочу Руслан Акматбек катышты.
Биринчи Май райондук соту жапырт камалган 11 журналисттин үчөөнү үй камагына чыгарса, калганы тергөө абагында калды. Орусия өз аймагынан 25 дрон атып түшүргөнүн билдирди. Орус армиясы Украинанын аймагына аба чабуулун улантты. Президент Садыр Жапаров ЕАЭБде тоскоолдуктар күчөгөнүн айтты.
Орусиянын Коргоо министрлиги жети аймакта 25 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Орусиянын Белгород жана Курск облустарында диверсанттар менен кагылышуулар болгону кабарланды. Ал эми НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинаны жеңсе, Москва башка мамлекеттерге да кол салышы мүмкүн экенин эскертти.
Алайку өрөөнү - облус борборунан обочолонгон, шарты катаал, жолу татаал аймак. 20 миңдей киши жашаган өрөөн Кытай менен чектешип, деңиз деңгээлинен 2300 бийик турат. “Данисте” бул жолу тоолуктардын турмушун көрсөтөт.
Дагы жүктөңүз