Мусулмандардын ыйык Орозо айы бул жолу Газада согуш маалында башталды. Тилкеде жарым миллиондон ашуун киши ачарчылык коркунучуна кабылды. Европадагы журналисттер Бишкекте камалган кабарчыларды бошотууга чакырышты. Кыргызстанда жарыкты пландуу өчүрүү токтогону менен чектөөлөр толук алынган жок.
Мусулмандардын ыйык Орозо айы бул жолу Газада согуш жүрүп жатканда башталды. Жер которгон палестиналыктар жан үрөп тамак-аш табуу аракетинде. БУУ тилкеде жарым миллиондон ашуун киши ачарчылык коркунучуна кептелгенин эскертти. Арачылардын Орозодо ок атууну токтотуу аракеттеринен майнап чыга элек.
Чет өлкөлүк журналисттер камактагы кыргызстандык кесиптештерин бошотуу талабы менен акция өткөрүшүүдө. "Кактус Медиа" маалымат агенттиги болсо, сот чечимине ылайык, "Вечерний Бишкек" басылмасына 600 миң сом төлөп берүү үчүн окурмандарынан акча чогултууну улантууда. Ал тапта президент Жапаров Кыргызстандагы медиа жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айтты.
1990-жылдардын айланасындагы жаштар жана студенттер кыймылдары, алардын чыгуу себептери, максаттары, натыйжалары тууралуу талкуулайбыз. 1985-1990-жылдар – СССРдин кулашын шарттаган, социалдык жана саясий укуктар үчүн күрөшкөн ири тарыхый окуялардын жылдары болгон.
Баткенде тамчылатып суугаруу жолу менен 24 гектар жерди бакка айлантуу долбооруна 70 миллион сом каражат сарпталып, бирок эки жылдан бери бир түп дарак тигиле элек. Бул каражат кытай өкмөтү тарабынан грант катары берилген. Калган каржысына акча табылбагандыктан долбоор токтоп калган.
АКШ 4-марттан тарта Кыргызстандын жарандарына берилүүчү туристтик жана ишкерлик визанын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга чейин узартты. Виза кандай шартта берилет? Виза алуу үчүн күткөн убакыт мурункудан кыскарабы?
Ажарышкан айымдар боюнча жакында эле өкмөт башчы Акылбек Жапаров дагы билдирүү жасап, кыз-келиндердин жүрүм-турумун көзөмөлгө алууга үндөдү.
Мурдагы күйөөсүнүн зомбулугунан жабыркаган Асел Ногойбаева бүгүн, 8-мартта Бишкекте аялдары коргоо маршында кыздарга, милицияга жана сот органдарына кайрылды. Жөө жүрүш "Аялдын турмушу - замандын күзгүзү" деген ураан алдында өттү.
АКШнын президенти Жо Байден деңиз аркылуу Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн убактылуу порт куруларын билдирди. Аталган порттон тилкеге күн сайын тамак-аш, таза суу жана дары-дармек ташыган жүздөгөн чоң кемелер кирери айтылууда.
8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарында “Аялдын турмушу – замандын күзгүсү” деген ураан астында тилектештик жөө жүрүшү өттү. Анда ондогон активист Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына чогулуп, Горький атындагы гүл бакка жөө басып барышты.
Дагы жүктөңүз