Киев Вашингтон жана Токио менен коопсуздук макулдашуусун кабыл алды. Тиешелүү документтерге “Чоң жети” саммиттинин алкагында кол коюлду. Анын алдында АКШ бул макулдашуу Украинаны азыр жана келечекте колдорун ишарат кылган чоң белги экенин билдирди.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулар сотто акыркы сөзүн сүйлөп жатат. Андан кийин сот өкүм угузат. Ереванда оппозиция менен полиция кагылышып, жүздөй киши жабыркады. Жогорку Кеңеш уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берди.
Бишкекте электрондук коштомо кагазды жана электрондук эсеп-фактураны колдонууга каршы соодагерлердин нааразылык акциясы уланды. Өкмөт соодагерлер арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлөрүн билдирди.
Бишкекте соодагерлердин нааразылык акциясы уланды. Соңку суткада орус армиясы Украинанын бир нече облусуна, анын ичинде Киевге канаттуу ракета жана дрондор менен сокку урду. Жогорку Кеңеш чет өлкөлүк жарандарга Ысык-Көлдүн аймагынан мүлк сатып алууга уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду.
12-июнга караган түнү орус армиясы Украинанын бир нече облусуна, анын ичинде Киевге канаттуу ракетелардан жана дрондордон сокку урду. Бир нече кишинин жараланганы кабарланды.
1-июлдан тарта бардык соода жүгүртүү иштеринде көзөмөл-кассалык машинасы - ККМ милдеттүү түрдө колдонулушу керек. 6-июнда Садыр Жапаров 6-июнда ири базар ээлери, соодагерлер менен жолугуп, ККМ, электрондук эсеп-фактуралар боюнча жыйын өткөргөн. Акыркы күндөрү ишкерлер нааразылык билдирип жатат.
Электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы чыккан “Дордой Дыйкан”, “Ош базары” жана “Азиз” базарынын соодагерлери 12-июнда Бишкектеги Горький гүл багында нааразычылык акциясына чыгышты.
10-июнда Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасында боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өткөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Бейтаптын да, донордун да абалы туруктуу. Тогуз саатка созулган операцияга жергиликтүү жана түркиялык дарыгерлер катышкан.
Ысык-Көлдө кулпунай, малина карагат өстүргөндөр көбөйдү. Дыйкандар соңку жылдары картошка эмгекти актабай калгандыктан кирешенин башка булактарын издей баштаган. Кулпунайдын арты менен айыл тургундары жумушка тартылып, тапкан акчалары күнүмдүк чыгымдарын жаап жатат.
Жумгал районунун Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташыган машиненин сайга кулашы элди камтама кылууда. Кырсыктын чоо-жайын атайын комиссия иликтемей болду.
Өткөн аптада Ысык-Көл облусунда саркынды сууларды тазалоочу жайлары жок экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын ишине тыюу салынды.
Кыргызстандын тарыхында Июнь коогасы деген аталыш менен калган улут аралык жаңжалга быйыл 14 жыл болду.
Дагы жүктөңүз