Президент Жапаров “Кумтөр” кени кеминде дагы 40-50 жыл кызмат кыларын белгиледи. Алытн кен мамлекетке өткөндөн бери эмне өзгөрдү жана ал кыргыз экономикасына дагы канча убакыт тирек болот?
Жениш чокусунда калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны куткаруу жана эки ирандык альпинист Марьям Пилехвари менен Хасан Сейфоллахты издөө иши кийинки жылга чейин токтотулду. Орусия Украинанын үч облусуна абадан сокку урду, Днепропетровскиде кармаштар уланууда. Кумтөрдө эмне өзгөрдү?
Кыргызстан “Кумтөр” кенин толук өзүнө алып, иштете баштаганына үч жылдан ашты. Кыргыз бийлиги кендин жалгыз кожоюну мамлекет болгондон бери киреше артып, аны менен өлкөдөгү ири курулуштар, социалдык маселелер четинен чечилип жатканын айтат.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ири суммадагы пара алган соттор кармалып, жазага тартылып жатканын айтты. Буга чейин Жогорку соттун төрагасы дагы судьялардын пара алышы тыйылбай жатканын билдирген. Сот бийлигинин көз карандысыздыгы жана жоопкерчилиги канадй?
Газанын түштүгүндөгү Насер ооруканасына атылган ракетадан медиктер, жай тургундар, журналисттер болуп, кеминде 20 киши набыт болду. Рейтер, Ассошиэйтед Пресс агенттиктери Израилден беш журналисттин өлүмү үчүн жоопкерчилик алууну талап кылды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев сот тармагында коррупция тыйылбай жатканын, ири суммадагы пара менен кармалгандары аныкталып, жазага тартылып жатканын айтты.
Жеңиш чокусунда калган Наталья Наговицинаны куткаруу операциясына эл аралык альпинизмдин өкүлдөрү кошулду. Ысык-Көлдүн Тоң районунда катуу жаандан кийинки сел бир нече үйдүн короосун каптады. Москва Украинадагы курал-жарак кампасын аткыласа, Киев Орусиянын мунай ишканасына жана портуна сокку урду.
Казакстандын президенти Касым-жомарт Токаев Бишкекке расмий сапар менен келди. Бул сапарда эки тараптуу соода алакасы, чек ара маселелери, суу ресурстарын пайдалануу жана инвестициялык кызматташтык тууралуу сөз болду. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Август айынын ортосунда Украинадагы согушту токтотуу аракеттери ыкчамдап, дүйнөнүн назары бурулду. Алгач Аляскадагы Трамп-Путин жолугушуусу, андан кийинки Вашингтондогу Зеленский жана Европанын лидерлеринин Трампка зыяраты Украинадагы согушту токтото алабы деген суроого жооп издедик.
Президент Садыр Жапаров кыргызстандык банктарга санкция салган АКШ жана Британиянын бийлигине нааразылыгын билдирип, мындай чечимде күмөндүү жагдайлар бар экенин белгиледи.
Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады. Стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо үчүн бир катар маанилүү документтерге кол коюлуп, соода, чек ара жана маданий алакаларды өркүндөтүүнүн жаңы демилгелери сунушталды.
Дагы жүктөңүз