Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башкы фигурант болгон "Кой-Таш ишинде" айрым айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөштү. Украинанын Днепр шаарында орус армиясынын чабуулу үч адамдын өмүрүн алды. Орусиянын ТИМи Москвада кыргыз жарандары сабалган окуя боюнча өз түшүндүрмөсүн жарыялады.
Укук коргоочу Рита Карасартова “Массалык башаламандыктар” беренеси менен экинчи жолу камакка алынды. Буга чейин "Кемпир-Абад иши" боюнча сегиз айга жакын абакта отуруп чыкса, бул жолкусунда чет жактагы активист Тилекмат Кудайберген уулуна байланыштуу иш боюнча кармалды.
Кой-Таш окуясы боюнча үч жылдан бери уланып жаткан соттук жараян дагы эки айга узартылды. Сот муну карала турган материалдардын көптүгүнө байланыштырды. 17-апрелдеги соттук отурумда айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөп, өкүм чыгышы мүмкүн экени айтылып жаткан.
Кыргызстанда "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо” мыйзамына өзгөртүүлөр кирди. Ага ылайык, кийинки президенттик шайлоонун мөөнөтү аныкталып, 2027-жылдын 24-январында өтмөй болууда. Буга удаа Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо мыйзамы да өзгөрүүгө учурады.
Жарандык активист, укук коргоочу Рита Карасартова 12-майга чейин камалды. Мындай чечимди Свердлов райондук сотунун судьясы 17-апрелге караган түнү кабыл алганын "Азаттыктын" жеринде жүргөн кабарчысы Айбек Бийбосунов билдирди.
Орус башкы дипломаты казак президентинин "аймактык бүтүндүк" тууралуу дээрлик үч жыл мурдагы сөзүнө комментарий берди. Бишкекте укук коргоочу Рита Карасартованын баш коргоо чарасы каралууда. Ош шаарында мэриянын кызматкерлери жолго чыгып кеткен үйлөрдү бузуп жатканда 11 жаштагы кыз жаракат алды.
Орусиянын Курск аймагы жапырт дрон чабуулуна кабылды. Маалыматка караганда, бир адам каза болуп, кеминде тогуз адам жабыркады. Украинанын Сумы облусу да кандуу соккуларга туш болууда. Украин тарап эки күн мурдагы соккудан 35 киши каза тапканын, 100дөн ашууну ар кандай жараат алганын билдирген.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев башкы фигурант болгон Кой-Таш иши боюнча сотто жакын арада өкүм чыгары күтүлүүдө. Прокурор Атамбаев баштаган бир нече адамды 10-11 жылга эркинен ажыратууну сурады.
Москвадагы “Бодрость” мончосунда кыргызстандык мигранттар кабылган окуяга байланыштуу парламентте ТИМдин дарегине ачуу сын айтылды.
Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду 14-апрелде министрликке чакырып, Москва шаарындагы "Бодрость" мончосунда болгон окуя боюнча нота тапшырды.
Орусиялык жана азербайжандык ишкер Эмин Агаларов президент Садыр Жапаров менен жолуккан соң Кыргызстанда туристтик комплекс курууну пландап жатканын жарыялады. Ал Азербайжанда Sea Breeze ири эс алуу борборуна ээлик кылат жана анын филиалдарын КМШдагы башка өлкөлөрдө ачууга кызыкдар болуп келет.
Кыргызстандын Конституциялык соту 2010-жылы Апрель ыңкылабында бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев боюнча чыккан сот өкүмү кайра каралат деген чечим чыгарды. Буга өкүм сыртынан чыгарылган деген жүйө себеп катары көрсөтүлгөн.
Дагы жүктөңүз