Борбор Азия лидерлери экономикасынын өсүү темптери жогору болуп жатканын айтып, өз далилдерин келтирүүдө. Бирок ИДПнын көбөйгөнү дайым эле элдин жашоосу да жакшыргандык дегенди туюндурбайт. Өсүштүн туруктуулугун жана коом үчүн пайдалуулугун камсыздоонун бир ыкмасы деп адистер инновацияларды атоодо.
Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеваны депутаттык мандатынан ажыратууну талап кылган петицияга 30 миңге жакын адам кол койду. Петиция депутаттын жашы жете электерге карата сексуалдык кылмыштар боюнча пробациялык көзөмөлдү колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароо тууралуу сунушунан кийин башталган.
Прокуратура Темирлан Султанбековго тогуз жыл, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаевге жана башка айыпталуучуларга жети жарым жыл абак жазасын сурап жатат. Октябрь окуяларына алты жыл. Францияда билим берүү шарттарына нааразы болгон окуучулар менен полиция кагылышты.
Октябрь окуяларына алты жыл болду. Ошол күндөрү өлкөдө шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон топтор чогулуп, Ак үйдү басып алган. Мындан улам өлкөдө башкаруу жоголуп, жер-жерлерде бийликти сүрмө топ менен басып алгандар пайда болгон.
Прокуратура сотто Темирлан Султанбековду 9 жыл эркинен ажыратууну, Кадырбек Атамбаевди 7 жыл 6 ай, Кубанычбек Кадыровду, Эрмек Эрматовду жана бул иш боюнча айыпталып жаткан казакстандык эки жаранды да 7,5 жылдан абакка кесүүнү суранды. Сотко Кадырбек Атамбаев да алынып келди.
Ютадагы компаниялар Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү карап жатат. Юта штатынын Сенатынын төрагасы Стюарт Адамс «Азаттыкка» эки тараптын ортосундагы технология жана туризм тармагындагы кызматташтык, ошондой эле эки элди жакындаткан көк бөрү тууралуу айтып берди.
Орусия кара тумоону жашырабы? Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан коопсуздук чараларын күчөттү. Айсаракан Абдибаеваны мандаттан ажыратууну талап кылгандардын саны 30 миңге чукулдады. Кыргызстандын спортчулары Азия оюндарында 14 медал алды.
Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов кармалып, камакка алынганы маалым болду. Ага "коррупция" тууралуу айып тагылды.
Экономика министрлиги Кыргызстанда эл аралык санкцияларды кыйгап өтүүгө байланыштуу тобокелдикти азайтуу үчүн дагы 16 компаниянын иши токтотулганын жарыялады. Мындай чечим Кыргызстан санкциялык режимди бузганы тууралуу иликтөөлөр жарыяланган учурга туш келди.
Родившаяся в Китае этническая казашка Раяна живет вместе с родителями в Казахстане, но по документам она им не дочь. В свидетельстве о рождении в графе «мать» и «отец» записаны родственники семьи. Настоящий отец Раяны Абиир Далелхан пытается доказать отцовство через экспертизу ДНК в Казахстане.
2020-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтордон алынган жана мурда мыйзамсыз менчиктештирилген деген жүйө менен мамлекетке өткөн мүлктөрдүн ачык-айкындыгы боюнча маселе парламентте көтөрүлдү.
Дагы жүктөңүз