Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:02

Мурдагы министр Нурлан Сулайманов жемкорлукка айыпталып кармалды

Нурлан Сулайманов. Сүрөт интернеттен алынды
Нурлан Сулайманов. Сүрөт интернеттен алынды

Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов кармалып, камакка алынганы маалым болду. Ага "коррупция" тууралуу айып тагылды.

Жемкорлук тууралуу айып

Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановго Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылганы белгилүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

5-октябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү Нурлан Сулаймановду камакка алуу өтүнүчүн берип, судья аны Бишкектеги №1 тергөө абагына 3-декабрга чейин камакка алган. ИИМ козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек.

"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2026-жылдын 5-октябрындагы токтому менен тергөөчүнүн С.Н.Ч.га карата 2026-жылдын 3-декабрына чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандоо жөнүндө өтүнүчү канааттандырылды", - деп маалымдаган райондук сот.

Ички иштер министрлиги козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек. Мекеменин басма сөз кызматы "азырынча маалымат бере албай" турганын билдирди.

Сулаймановдун адвокаты Марат Эшперов дагы маалымат берүүдөн баш тартты. Анын кайсы иш боюнча айыпталып жатканы азырынча белгисиз.

"Кемпир-Абад" ишине байланыштуу камалып, кийин акталган активист Эрлан Бекчоро Сулаймановго буга чейин дагы иш козголуп, жоопко тартылбай калганын эске салды.

"Азыр Нурлан Сулайманов камалды десе коомчулук аны тааныбай деле калды. Ал буга чейин эле мамлекеттин казынасына кол салып, мамлекеттен качып кеткен болчу. Бул бийлик келгенден тартып ал дагы Кыргызстандын босогосун аттап, Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болгон деп элге ачык эле айтыш керек. Азыр Сулайманов камалды десе баары “ураалап”, “туура кылды” деп жатат. Баласын ушул бийликтин макулдашуусу менен ЖКга депутат кылды. Ушул бийликтин макулдугу менен Акылбек Жапаровго кеңешчи болуп иштеген. Ал өлкөнүн казынасына, мүлкүнө кол салса, ошону кайтарып бериши керек", - деген пикирде Эрлан Бекчоро.

Нурлан Сулайманов ким?

Нурлан Сулайманов 66 жашта. 2005-жылдагы Март ыңкылабынан соң “жылдызы жанган”. Ал 2005-жылдан 2010-жылга чейин транспорт жана жолдор министри катары үзгүлүксүз иштеп, ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийликтеги туруктуу кадрлардын бири болгон.

2010-жылы Апрель ыңкылабынан соң “Ата Журт” партиясынын тизмеси менен парламент депутаттыгына шайланган. Бирок Жогорку Кеңештеги ишмердиги көпкө узабай, министр кезиндеги иши үчүн кылмыш иши ачылар алдында өлкөдөн чыгып кеткени кабарланган.

Ал учурда Сулаймановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча иш козголуп, издөө жарыяланган. Чет өлкөдө жүрүп, парламенттин ишине катышпаганы үчүн мандатынан ажыраган. Бирок камакка алынбастан 2018-жылы ага карата кылмыш иши кыскарганы белгилүү болгон.

Сулайманов 2020-жылдагы бийлик алмашуудан соң кайрадан бийликке жакын экени айтылган.

Ал мурдагы премьер-министр Акылбек Жапаровдун коомдук башталгычтагы кеңешчиси экени кабарланган. Бирок саясий чөйрөдө Сулайманов УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин көздөй кишиси экени айтылган. Ал Өзгөн айланма жолун куруу боюнча долбоорду ишке ашырып, андагы өнөктөшү Ташиевдин уулу Тай-Мурас экени белгилүү болгон.

Соңку беш жыл аралыгында Нурлан Сулайманов расмий кызматты ээлебегени менен УКМКнын мурдагы төрагасы менен эң жакын мамилеси бар экени айтылып келген.

Сулайманов өзү кызматта болбогону менен уулу Элдар Сулайманов эки ирет Жогорку Кеңеш депутаттыгына шайланды. Ал быйыл февралда Ташиев кызматтан кеткен соң мандатын тапшырып кеткен депутаттардын катарында болду.

Сулаймановго козголгон кылмыш иши

Башкы прокуратура Нурлан Сулаймановго жол куруу тендерлерин мыйзамсыз өткөргөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш ишин козгогон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча айып коюлган.

Нурлан Сулайманов депутаттык мандатын тапшырып, өлкөдөн чыгып кеткенине байланыштуу 2014-жылы издөө жарыяланган. Башкы прокуратура 2018-жылы ал издөөдө болгондуктан, кылмыш иши убактылуу токтотулганын билдирип, кармалса камакка алынарын, иши сотко өтөрүн билдирген.

2020-жылы парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү маалында Нурлан Сулаймановго козголгон кылмыш иши 2016-жылы эле токтотулганы ачыкка чыккан. Бишкек шаардык соту “жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кетти” деген негизде ал кылмыш жообунан бошотулганын маалымдаган.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG