Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:58

Саясатчылардын соту: Султанбековго тогуз, Атамбаевге жети жарым жыл суралды

Эрмек Эрматов, Кадырбек Атамбаев жана Темирлан Султанбеков. 15-январь, 2026-жыл. Биринчи май райондук соту
Эрмек Эрматов, Кадырбек Атамбаев жана Темирлан Султанбеков. 15-январь, 2026-жыл. Биринчи май райондук соту

Прокуратура сотто Темирлан Султанбековду 9 жыл эркинен ажыратууну, Кадырбек Атамбаевди 7 жыл 6 ай, Кубанычбек Кадыровду, Эрмек Эрматовду жана бул иш боюнча айыпталып жаткан казакстандык эки жаранды да 7,5 жылдан абакка кесүүнү суранды. Сотко Кадырбек Атамбаев да алынып келди.

6-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Массалык башаламандыктар” беренелери менен айыпталып жапырт кармалган саясатчылардын иши боюнча отурум уланды.

Тергөө материалдары изилденип бүтүп, тараптар жарыш сөзгө чыга баштады.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдагандай, мамлекеттик айыптоочу алардын көбүн 7,5 жылдан эркиндигинен ажыратуу өтүнүчүн келтирди.

17-сентябрдагы жараянда судья Кадырбек Атамбаевди “тартипти бузду” деген негиз менен сот залынан чыгарып, ал сотко алынып келбей жаткан.

Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев аны жарыш сөзгө, акыркы сөз сүйлөөгө жана сот өкүмү окуларда гана алып келүү өтүнүчүн сотко тапшырганы белгилүү болгон.

Темирлан Султанбековдун атасы Медетбек Султанбеков айыптоолордун баарын четке какты.

“Анткени бул жөн гана айыптоолор. Бир дагы далили жок, далилдердин баары четке кагылууда. Жашыруун арыз деп ишке тиркеген катты да жокко чыгарды. Ал арызды жазган адам “мен арыз жазган эмесмин” деди. Булар атайын ишти жабык өткөрүп жатат. Анткени бир дагы далили жок. Мунун баары саясий куугунтук деп эсептейм. Биздин бир эле сураныч - акыйкаттык орноп, баары ачык, айкын болушу керек болчу эл-журтка. Эл өзү сындап, баарын көрмөк. Бирок булар башка жол менен кетишти”.

Укук коргоочу Рита Карасартова сот жараяны тууралуу мындай пикир билдирди:

“Бүгүнкү күндө сөз эркиндигине кысым болуп жаткан төрт берене бар. “Бийликти күч менен басып алуу”, “Баш аламандык уюштуруу”, “Улуттар аралык кастыкты козутуу” деген беренелерди активисттерге, өз оюн айткан саясатчыларга колдонуп жатат. Биз жалгыз эле өзүнчө мамлекет эмеспиз. Биз дүйнөлүк бир системанын бир бөлүгүбүз. Эл аралык келишимдерге кол койгонбуз. Ошонун арасында бир документ бар, ал саясий жана жарандык укуктарыбыз боюнча пакт. Ошол пакттын 14-беренесинде айтылат: “Ар бир адам адилеттүү жана ачык сотко жана соттук териштирүүгө укуктуу” деп. 80-90% ушул беренелер коюлган иштерди жабык кылып салышат. Тергөө бардык далилдерин топтоп келгенде деле жабык болгон иш мамлекетке сый-урмат алып келбейт. Жабык иштер эмнеден кабар берет? Бул тергөөнүн чала ишинен кабар берет”.

2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.

ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңгизаттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып койгон.

Кийинчерээк 150 миң доллар “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаровдуку экени белгилүү болгон. Оппозициялык саясатчы каражат анын үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил катары алып кеткенин билдирген. Бул иш боюнча Адахан Мадумаров күбө катары сурак берип чыккан.

Кармалгандардын ичинен “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаевге жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлган. Эрмек Эрматовго, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевге, активист Турсунбай Шараповго, экс-депутат Шайлообек Атазовго жана ишкер Урмат Барктабасовго, ошондой эле толук аты-жөнү белгисиз (К.Н.К. жана У.у.Э.) дагы эки адамга “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча айып тагылган.

Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан.

Экс-депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов быйыл 25-январда үй камагына чыгарылган. Мурдагы президенттин жансакчысы Дамир Мусакеев башка жакка кетпөө тилкаты менен 9-июлда камактан бошотулган. Айыпталуучулардын калгандары Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Адвокат Асел Аргымбаеванын айтымында, Шайлообек Атазовдун, Урмат Барктабасовдун, Дамир Мусакеевдин иши өзүнчө бөлүнгөн.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG