Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Учкун” басмаканасында басылган окуу китептери базарга чыгып кетип, бүткүл Кыргызстанды дүрбөттү. Өкмөт териштирүү жүргүзүп, милиция иш козгоду. Катуу кайтарууда турган ишканадан китептер кантип сыртка чыгып кетти?
Мыйзамсыз менчиктештирилген деген жүйө менен мамлекетке өткөн мүлк маселеси парламентте көтөрүлдү. Өзбекстанда 14 жашка чейинки балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдү өмүр бою эркинен ажыратуу мыйзамын Сенат жактырды. "Бишкек Аренанын" ачылышынан улам 5-октябрда Бишкекте окуу онлайн өтөт.
Дубайдан Тел-Авивге бараткан «ФлайДубай» компаниясынын учагында пилот капитанды бычактады. Милиция “Орунбековдун тизмеси” боюнча ишти териштирүүнү улантат. Жапонияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков алтын медал утту.
Прокуратура милицияны “Орунбековдун тизмеси” боюнча териштирүүнү улантууга милдеттендирди. Бир топ адам президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “жеке маалыматыбызды колдонду” деп арызданган. Кийин милиция териштирүүнү токтоткону үчүн укук коргоочулар сотко даттанган эле.
2027-жылдын башына белгиленген президенттик шайлоодо атаандаш шартта өтүшү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Бир бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Азаттыкка” маегинде билдирди.
The New York Times жаңы иликтөөсүндө Орусиянын A7 каржы компаниясы Батыштын санкцияларын кыйгап өткөн эл аралык тармак түзгөнүн аныктап, Кыргызстан анын негизги бутактарынын бири экенин жазып чыкты. Баяндамада былтыр төрт айда эле тутум аркылуу 500 млн доллардан ашык операция жүргүзүлгөнү айтылат.
Литвада 49 жаштагы кыргызстандык Мухаммад Али Нуркулов “террордук уюмду каржылоого” шектелип, алты айдан бери камакта отурат.
Активист Мавлян Аскарбековду Ленин райондук соту эки жылга кести. Ага чейин лингвистикалык экспертиза Аскарбековдун Фейсбуктагы постунда "улут аралык кастыкты козутуу чакырыктары бар” деп тыянак чыгарган. Жарандык коом соңку жылдары бул экспертиза саясий куралга айланганын сындашууда.
Кремлдин саясатын ачык колдогон StanRadar сайты буга чейин бир нече чагымчыл мүнөздөгү макалаларды жарыялап келген. Ал сайт Кыргызстандын аймагында учурда ачылбайт. Сайттын бөгөттөлүү себеби буга чейин расмий жарыяланган эмес.
Мавлян Аскарбековду райондук сот эки жылга абакка кести. Коррупцияга шектелип кармалып, кийин үй камагына чыккан экс-депутат Шаирбек Ташиевдин мамлекетке канча зыян келтиргени кайрадан такталууда. Бишкекте орусиячыл “Станрадар” порталы Кыргызстандагы улут аралык мамилеге байланыштуу талкуу өткөрдү.
Дагы жүктөңүз