Казакстанда айылдарга казакча аталыш берүүнү талап кылган депутатты партиясы жетекчиликтен бошотту. Бийликке ыктаган “Ауыл” партиясы парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты Жигули Дайрабаевди партиянын төрага орун басарлыгынан алууну колдоду. Дайрабаев Түндүк-Казакстан облусундагы айылдарга казакча ат берүүнү талап кылып, жакында ал жерге барганда өзүн чет өлкөдө жүргөндөй сезгенин айткан.
АКШ президенти Дональд Трамп менен украин мамлекет башчысы Владимир Зеленскийдин жума күнкү жолугушуусу кайым айтышуу менен коштолду.
Вашингтон менен Киевдин ортосунда сейрек кездешүүчү минералдар боюнча келишимге 28-февралда кол коюлушу мүмкүн. Бул үчүн Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ баш калаасына барды.
Европа парламентинин Адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури «Азаттыкка» маек куруп, президент Садыр Жапаров менен жолугушууда көтөргөн маселелер, Кыргызстандагы адам укуктары, саясатчы-журналисттерди камоолор жана башка темалар жөнүндө ой бөлүштү.
“Азаттык” Тажикстан менен алмашылат деп айтылган Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылынын тургундарынын пикирин угуп келди.
Кыргыз-тажик чек арасын чечүүдө тараптар бир катар жер тилкелерин алмашканы белгилүү болду. Айрым эксперттер узак жылдар талаш-талкуунун чордону болуп келген чек араны мындай алмашуулар аркылуу чечпесе, чекит коюлушу кыйын экенин айтып жатышат. Ал тапта жергиликтүү элдин өзү кандай пикирде?
Жогорку Кеңештин тармактык алты комитети 27-февралда биргелешкен жыйын куруп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге макулдук берди. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек араны тактоодо эки тараптын кызыкчылыгы эске алынганын айтты.
Жогорку Кеңештин алты комитети кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдерди жактырды. АКШ менен Орусиянын элчиликтеринин ишин калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Украинада Орусиянын чабуулунан дагы беш өмүр кыйылды. Кыргызстанда бир айда тогуз өспүрүм каза тапты.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Ага ылайык, өлкө боюнча 30 аймактык шайлоо округу түзүлүп, ар биринен үчтөн депутат шайланышы, алардын бирөө аял талапкер болушу керек.
Freedom House (FH) эл аралык уюму жаңы баяндамасында Кыргызстанды бешинчи жыл катары менен “эркин эмес” мамлекеттердин катарында калтырды. Буга себеп катары кыргыз өкмөтү пикирин билдиргендерди куугунтуктоону жана чектөөлөрдү күчөткөнү көрсөтүлдү.
27-февраль күнү Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйыны өтүп, ага кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоору сунушталды.
Дагы жүктөңүз