Орус армиясынын соккуларынан Украинанын Сумы облусунда эки киши набыт болду. Төрт адам, анын ичинде эки бала жараат алды. Украин армиясы билдиргендей, 8-сентябрга караган түнү орус армиясы төрт Х-59 ракетасы жана 20 дрон менен чабуул койгон. Донецк облусунда аба соккудан үч аялдын өмүрү кыйылды.
АКШнын сотунда орусиялык Александр Ионовдун ишинин алкагында анын ФСБнын 2-кызматындагы кураторлору менен жазышкан ондогон барак каттары ачыкка чыкты. Ионовдун "тоголок каттары" менен Орусияда бир катар көз карандысыз медиа "чет элдик агент", эл аралык уюмдар "жагымсыз уюм" деп таанылган.
Болгарияда “Кайра жаралуу” деген ашынган оңчул партия Орусиянын үлгүсүндөгү “чет элдик” агенттер тууралуу мыйзам долбоорун жигердүү сүрөп келатат. Ошол эле маалда партиянын айрым жогорку мүчөлөрү башка өлкөлөрдөн грант алып келгени белгилүү.
8-сентябрда Иордания менен оккупацияланган Батыш жээктин ортосундагы чек арада атышуу болуп, үч адам каза тапты. Алар Израилдин жарандары экени, окуя Алленби өткөрмө бекетинде болгону маалымдалды.
Кыргызстан “Талибан” кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарды. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлиги тастыктады. Кыргыз бийлиги 2006-жылы бул кыймылды террордук уюмдардын тизмесине киргизген. Буга чейин Орусия менен Казакстан "Талибан" кыймылын "кара тизмеден" чыгарган.
Зеленский Курскидеги операцияда Орусия алты миңдей аскерин жоготконун билдирди. Орусиянын экс-президенти Дмитрий Медведев мигранттарга үй-бүлөлөрүн орус жергесине алып келүүгө тыюу салууну сунуштады. Кыргызстан “Талибанды” террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды.
Жумага караган түнү Орусия ракета, дрондордон сокку урууну улантканын Украинанын аскерлери билдирди. Акыркы күндөрдөгү чабуулдарды айрымдар Курск операциясы үчүн өч алуу катары баалашууда. 6-сентябрда украин аскерлери Орусиянын аймагына кирип барганына бир ай болду.
Мурдагы президент Аскар Акаев "экс-президент" макамын калыбына келтирүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылды. Ал 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган.
Расмий Вашингтон Орусияны "Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоодо добуш берүүгө кийлигишүүгө аракет кылып жатат" деп айыптады. Москва Вашингтонго өзүнө жараша жооп кайтарыларын билдирди.
Сот Temirov LIVE каналынын төрт журналистин камакта калтырды. Орус армиясы "Кинжал" ракеталары менен Львов шаарына сокку уруп, кеминде жети кишинин өмүрү кыйылды. Чүй облустук сотунун судьясы Тилек Абдырашитов 2 млн сом айып төлөөгө милдеттендирилип, сот залынан бошотулду.
Таңкы саат беш жарым. Львовдо катуу жардыруунун үнү чыгып, жер бир силкингендей болуп, асманга кара коюу түтүн көтөрүлдү. Ракеталык сокку калаа борборундагы темир жол вокзалынын жанына урулган. Ондогон үйлөрдө өрт тутанып, терезелери күбүлүп түшкөн.
Дагы жүктөңүз