Оппозициялык маанайдагы “Ачык саясат” гезитинин эки кабарчысына кечээ Биринчи май райондук прокуратурасы эскертүү берди. Бул басылманын тегерегиндеги соңку кырдаал боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна гезиттин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Рыскелди Момбеков жооп берди.
Оппозиция лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловдун иниси - Таалайбек Медеркулов 3 айдан бери камакта. Учурда аны бошотуу талабы менен Балыкчы шаарынын тургундары атайын кол чогултуп баштады. Т. Медеркуловго Балыкчы шаарынын вице-мэри болуп турганда суу түтүктөрүн сатып алууда туура эмес тендер өткөргөн деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон.
Биринчи Май райондук соту 7-апрелде “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловду камоо мөөнөтүн дагы бир айга узартты. Жекшенкуловдун адвокаты бул чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку сот бутактарына кайрылмакчы.
Жогорку Кеңештеги оппозициялык Социал-демократиялык фракциянын лидерлеринин бири Иса Өмүркуловго каршы кылмыш иши козголду. Ага “Пара менен сатып алуу” деген берене боюнча кылмыш иши козголгонун тиешелүү кызматтар тастыкташууда.
27-мартта “Ата Мекен” партиясынын АКШдагы бөлүмү да БЭКтин Кыргызстандагы нааразылык акцияларына тилектештик иретинде Вашингтондогу кыргыз элчилигинин жанында митинг уюштурган. Митинг учурунда АКШдагы кабарчыбыз аталган партиянын бул өлкөдөгү бөлүмүнүн башчысы Равшан Жээнбековду Кыргызстандагы соңку саясий кырдаалга байланыштуу сөзгө тарткан.
13-марттагы жол кырсыгында өрттөнүп кеткен сөөктөрдү аныктоо боюнча Москвада жүргүзүлгөн ДНК иликтөөсүнүн жыйынтыгы чыкты. Капчыгайдагы кандуу окуяда мерт болду деп айтылып жаткандардын бири - Медет Садыркуловдун туугандары болсо анын өлүмүнө ишенбестигин айтышууда.
БШК төрайымы Клара Кабилова өлкөдөн чыгып кетишин президенттин уулу Максим Бакиев тарабынан жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында жасалган кысым менен байланыштырды. Кабилованын мындай билдирүүсүн жана видеотасманы оппозиция бүгүн уюштурган маалымат жыйынында жарыя кылды.
Айгүл Жунушалиева, Бишкек Кечээ, 16-сентябрда Акыйкатчы институтунун алдындагы жаштардын жана студенттердин укуктарын коргоо боюнча кеңешмеси “Мен ишенбейм” акциясынын катышууучуларын камакка алгандар жоопко тартылуусу керек деген сунуш менен чыгышты. Кеңешме мүчөлөрүнүн пикиринде, мындай демилге жаштарга карата репрессиялардын мындар ары кайталанбашы үчүн көтөрүлүүдө. Демилгени Акыйкатчы Турсунбек Акун дагы колдоорун билдирди.
“Алиби” гезитинин мурдагы баш редактору, учурда “Ачык саясат” гезитин чыгарып жаткан Бабырбек Жээнбековго белгисиз адамдар тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр уланууда. Бул тууралуу ал бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Ошондой эле “Ата Мекен” партиясы “Алиби” гезитинин мурдагы баш редактору, партиянын мүчөсү Бабырбек Жээнбековдун шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер катары кол тийбестик макамына карабастан мыйзамсыз камакка алган милиция кызматкерлеринин ишине байланыштуу прокуратурага кайрылмакчы. Кепти кабарчыбыз Замира Кожобаева улантат.
Талкууну уюштурган Бурулкан Сарыгулова, Бишкек “Азаттыктын” таңкы түз ободогу тегерек үстөл талкуусуна жабылып калган “Алиби” гезитинин, жаңы чыга баштаган “Ачык саясат” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбеков, Кыргыз өкмөтүнүн жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча сектор башчысы, Басма сөз эркиндиги фондунун байкоочулар кеңешинин мүчөсү Болот Жумабаев жана “Кыргыз туусу” гезитинин мурдагы редактору, юридика илимдеринин кандидаты Жедигер Саалаев катышты.
“Алиби” менен “Ачык саясат” гезиттеринин баш редактору, Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер Бабырбек Жээнбеков камактан бошотулду. “Азаттыкка” берген маегинде ал, тергөөчү Туратбек Байчаев аны сотко жеткирбей эле бошотуп жиберүүнү чечкендигин, аны камоого жогору жактан көрсөтмө болгонун айткандыгын билдирди. Ошондой эле ал өзүнүн камалышын кысым көрсөтүү, коркутуп-үркүтүү катары баалады. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү подполковник Туратбек Байчаев болсо “Азаттыктын” суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.
9-сентябрда кечке жуук “Алиби” гезитинин мурунку башкы редактору Бабырбек Жээнбеков Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан кармалып, тергөө абагына камалды. Оппозиция Жээнбековдун камакка алынышын кескин айыптап, аны сөз эркиндигин муунтуу жана коркутуу катары мүнөздөдү. Ал эми бийлик Жээнбеков тергөө ишине тоскоол жасайт, ошондуктан кармалды деген пикирди айтууда.
Дагы жүктөңүз