Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Кыргызстандыгы оппозициялык маанайдагы маалымат каражаттарын тескөө күч алгандыгы тууралуу сөздөр учурда байма-бай айтылууда. “Алиби” жана “Де-факто” гезиттери кириптер болгон сот иштери, андан соң салынган айып пулдар бийликти сындаган башка эркин маалымат каражаттарына да берилген сабактай сезилет. “Алиби” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбеков ал ээлик кылган гезитке карата бийликтин кысымы тууралуу “Азаттыктын” таңкы маегинде сөз кылды.
Апта башында көз карандысыз “Де-факто” гезитинин баш редакторуна каршы козголгон ишти Биричи май райондук соту Бишкек шаардык прокуратурасына кайра тергөөгө жиберди. Ушул эле аптада Биринчи май райондук соту гезитти дагы 2 миллион сом доого жыккандыгы маалымдалды.
Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Качкын Булатовго “Де-факто” гезитине жарыяланган чуулуу макаланы жазууну уюштурган деген айып тагылды. Ага Биринчи Май РИИБ тарабынан кылмыш-жаза кодексинин отузунчу жана 329-беренесинин негизинде айып коюлган. Качкын Булатов буга чейин “Де-факто” гезитине карата козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары өтүп келген. “Азаттыктын” таңкы түз обосунда “Эр айдоочу” коомдук уюмунун жетекчиси Качкын Булатов кабарчыбыздын суроолоруна жооп берди.
28-июлда Биринчи май райондук соту “Де-факто” гезитинин баш редактору Чолпон Орозобекова менен “Эр айдоочу” коомдук уюмунун башчысы Качкын Булатовго каршы козголгон кылмыш ишин кайра тергөө үчүн Бишкек шаардык прокуратурага кайтарды. Ушул эле күнү “Де-факто” гезитине жарандык негизиндеги эки арызга ылайык Биринчи май райондук соту тарабынан 2 миллион сом айып салынгандыгы маалымдалды. Июнь айынын ортосунда Бишкек шаардык прокуратура “Де-факто” гезит атайылап жалган маалымат таратты деген негиз менен кылмыш ишин козгогон болчу.
Биз азыр ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары Жеңиш Жакыповду кепке тартмакчыбыз. Маегибиз Оштогу буюртма өлүмдөр, анын ичинде журналист Саиповго байланышкан кылмыш ишинин тергелиши туурасында болмокчу. Маекти Оштон кабарчыбыз Алишер Токсонбаев алып барат.
Маектешкен Бекташ Шамшиев “Де Факто” гезитине каршы ачылган кылмыш ишине байланыштуу Коомдук парламенттин мүчөсү Качкын Булатов 48 саатка камакка алынып, 4-июлда абактан чыгарылды. Эркиндикке чыккан соң укук коргоочу “Азаттык” үналгысына келип талаштуу иштин чоо-жайын баяндап берди.
Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Бүгүн Конституциялык сот Бишкек шаар Кеңешинин митинг, пикет, жыйындарды өткөрүүгө чектөө салган токтому боюнча укук коргоочулардын арызын карамакчы. Мына ушул маселенин айланасында, сотко арыз менен кайрылган “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
Мындан эки күн мурда былтыр киши колдуу болгон эркин журналист Алишер Саиповдун атасы Авас Саипов президент Курманбек Бакиевге кайрылып, баласынын тергөө иштеринин жүрбөй жаткандыгына --> http://www.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/06/75794A13-6725-479E-A14A-7E43C3A77FBB.ASP нааразычылыгын билдирген эле. Маркумдун атасы менен Оштогу кабарчыбыз Алишер Токсонбаев маектешкен эле.
Маркум журналист Алишер Саиповдун атасы өлкө президентине кайрылуу жолдоду. Анда уулунун өлтүрүлгөнүнө 7 айдын жүзү болсо да бул кылмыш боюнча козголгон иштен --> http://www.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/06/ebe5d4f1-41be-4d30-9dc1-90649ba92ed1.asp натыйжа чыкпай жатышы ички иштер министрлигине болгон ишенимди жоготуп жатканы белгиленет. Ички иштер министрлиги болсо бул иш катуу көзөмөлдө туруп, тергөө уланып жатканын билдирүүдө.
Оппозициялык маанайдагы “Де-факто” гезитин милиция тинтүүгө алып, андан соң редакциянын эшигине мөөр басылып, жабылды. “Азаттык” үналгысынын бүгүнкү мейманы “Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова. Гезит ээси басылманын айланасындагы окуяларга жооп берди.
Бүгүн Бишкекте адам укуктары жаатында иштеген эларалык уюмдун кеңсесинде чыр чыкты. Өздөрүн Ички иштер органдарынын өкүлү деп тааныштырган эки киши жана аларды коштогон аты-жөнү белгисиз дагы эки адам Бишкектеги Норвегия Хельсинки комитетинин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/06/68370964-0A96-4918-B4CF-AB54ECDC9ACD.ASP имаратына кирип, уюмдун ишмердүүлүгүн текшере башташты. Текшерүүнүн себептерин алар атайын жүргүзүлүп жаткан рейд менен байланыштырышты. Бирок уюмду коргоо максатында ал жерге келген укук коргоочулардын айтымында, текшерүүлөр менен келишкендер өздөрү мыйзам бузууга барып жатышат. “Азаттыктын” кабарчысы Төрөкул Дооровдун суроолоруна жооп берип жатып, аталган комитеттин деректири Ивар Дале муну уюмга карата басым деп сыпаттады.
Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек 9-июндан тарта жарандар “Митинг, тынч жүрүштөрдү өткөрүү” жөнүндөгү мыйзам долбооруна --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/05/8517281B-3F2D-47B8-9BC9-57D532300151.asp каршы мөөнөтсүз талкуу, жыйындарды өткөрө баштайт. Анын максаты тууралуу “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.
Дагы жүктөңүз