Мурдагы “Алиби” кийинки “Ачык саясат” гезиттерин жетектеп келген, андан кийин Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн Бабырбек Жээнбеков бүгүн түшкө жуук Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун сот залына жетпей камактан бошотулду. Аны колдоо үчүн сот имаратынын алдына чогулган 100 чамалуу жактоочулары Б.Жээнбековду кол чабуу менен тосуп алышты.
Колдоруна “Эркин гезитти эркиндигинен ажыратпагыла”, “Ата Мекен коркунучта” деген сыяктуу жазууларды көтөрүшкөн адамдар менен катар оппозициядагы Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Аликбек Жекшенкулов сыяктуу көрүнүктүү саясатчылар да Б.Жээнбековду колдоо ирээтинде келишкен.
Өзүнүн кандайча бошотулганы тууралуу Бабырбек Жээнбеков мындай деди:
- Силердин келгениңерге ушунчалык толукнданып, эмне айтарымды билбей турам. Мына силердин сүрүңөр бар экен, чоң колдооңор бар экен. Азыр эле тергөөчү мени чыгарууга макул болду. Анан мен ага суроо бердим. “Ушундай боло турган болгондон кийин мурдагы күнү эле камабай койсоңор болбойт беле” десем, “Мага ошондой көрсөтмө болгон. Мен камашым керек болчу. Мен сотко алып барганда деле бул иштин өтпөшүн билдим” деди.
Мындан мурда “Де-факто” гезитине байланыштуу иш боюнча камакта суралып чыккан укук коргоочу Качкын Булатов да өзүнүн камалганы тууралуу айтып, Б.Жээнбековду суракка алган ушул эле тергөөчү Туратбек Байчаев аны да тергегенин айтты:
- Байке сыяктуу эле мен дагы “Де-факто” гезити боюнча камалдым. Ушул эле Т.Байчаев тергөөчү болду. Ал айтып атат. “Мен азыр подполковникмин, ушул “Алиби” гезитин каматып, жок кылсам полковник деген чин алам” деп менин адвокатымдын көзүнчө айткан.
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз партиясынын атынан Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка аттанган Б.Жээнбеков бошогон учурда буларга токтолду:
- Эгер бир болсок, тилектеш болсок далай ийгиликтерге жетишебиз. Эң эле биздин чоң оорубуз кайдыгерлик. Эгер эл бир болуп турса, мыйзам да аткарылат, адилеттүүлүк да болот.
Б.Жээнбековдун ишин тергөөгө алган подполковник Туратбек Байчаев болсо бул тууралуу “Азаттыктын” суроосуна жооп берүүдөн баш тартты. Ал эми Акыйкатчы Турсунбек Акун тергөө органдары суракка алынып жаткан адамды сотко чейин 48 саат бою камоого укугу бар экендигин, бирок Б.Жээнбековду камоо иши туура эмес болуп калганын билдирди:
- Бабырбек Жээнбеков шаардык кеңешке “Ата Мекен” партиясынын атынан талапкер болуп катталбады беле. Ал эми талапкер деген ошол замат кол тийбестикке ээ болуп калат. Андыктан камаганга акылары жок эле да. Негизи тергөөчүлөр 48 саатка чейин убактылуу кармоочу жайларда адамдарды кармаганга акылары бар. Бирок бул аты-жөнүн аныктап, кимдигин тактагыдай белгисиз адам эмес да. Бул киши белгилүү адам болуп атпайбы.
Эскерте кетсек Бабырбек Жээнбеков 9-сентябрда “Алиби” гезитине байланыштуу “соттун чечимин аткарган жок” деген негиз менен камакка алынган.