Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:05

Иса Өмүркуловго каршы кылмыш иши козголду


Жогорку Кеңештеги оппозициялык Социал-демократиялык фракциянын лидерлеринин бири Иса Өмүркуловго каршы кылмыш иши козголду. Ага “Пара менен сатып алуу” деген берене боюнча кылмыш иши козголгонун тиешелүү кызматтар тастыкташууда.

Иса Өмүркуловго кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат 2-апрелде алгачкы ирет ачыкка чыкты. Социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимов бул боюнча парламентте билдирүү жасады. Азыркы мезгилде маалымат иликтенип жатканын ал “Азаттыкка” маалымдады:

- Бизге ошондой маалымат түштү. Биз азыр ошону расмий түрдө тактап жатабыз.

Ал эми Иса Өмүркулов өзү козголгон кылмыш иш тууралуу расмий маалымат ала электигин айтып, буларга токтолду:

- Кылмыш иши болушу мүмкүн. Эми бүт эле оппозициянын артын казып жатпайбы. Мен эле эмес, менин туугандарымдын баарын тең текшерип жаткан. Ошондуктан бирдемке таап чыкса, бул деле таңкалыштуу эмес.

Өмүркуловдун айтымында, ал мындан төрт-беш жыл илгери "Кыргыз темир жолунун" жетекчиси кызматынан кеткен. Ага чейин 6-7 жыл темир жолду жетектеп турган. Кылмыш иш Өмүркуловдун мына ошол кездеги ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн. Бул кылмыш иши анын саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу козголууда.

Башкы прокуратуранын жетекчилиги Иса Өмүркуловго каршы кылмыш иши козголгонун тастыкташып, бирок кеңири маалыматты Финансы полициясы берээрин билдиришти. Финансы полициясынын маалымат кызматынын жетекчиси Нурила Батыралиева Иса Өмүркуловго каршы козголгон кылмыш иш тууралуу буларды билдирди:

- Бир жаран Финансы полициясына кайрылып, (Иса Өмүркулов) чоң суммадагы акча алып кайтарып бербей жатат деп билдирген. Ошол боюнча финансы полициясы иликтөө ишин жүргүзүп, бүткөн соң Өмүркулов депутат болгон үчүн ал ишти Башкы прокуратурага өткөрүп берген. Башкы прокуратура 26-мартта 2009-жылы Кылмыш кодексинин 311-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча иш козгоду.

Маалыматка караганда, казак жараны Тауржан Байдаулетов 2004-жылы “Нарын-Торугарт” темир жолун курууга катышуу үчүн Иса Өмүркуловго 60 миң доллар берген. Аны ушул кезге чейин кайтарып алалбай жүрөт. Мына ушуга байланыштуу “пара менен сатып алуу” деген берене боюнча Өмүркуловго каршы кылмыш иши козголду.

Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин депутатын административдик, же кылмыш жообуна тартуу үчүн парламенттин макулдугу болуш керек. Социал-демократтар парламентте абсолюттук көпчүлүктү түзгөн бийликчил “Ак жол” фракциясы андай макулдукту жеңил эле берет деген пикирде болууда.

Талдоочулардын пикиринде, Социал-демократтарга каршы бийлик чабуулунун себептери бар. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого баруудан баш тарткандан кийин Социал-демократиялык партиянын лидерлери Алмазбек Атамбаев, же Бакыт Бешимовду оппозиция тараптан бирдиктүү талапкер катары көрсөтүлүш мүмкүнчүлүгү көбөйдү. Мындай шартта бийлик Социал-демократтарды негизги атаандаш көрүп, алардын потенциалын азайтуу максатында кезектеги кылмыш ишин козгоп жатышы ыктымал.

Оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров оппозициянын 27-марттагы сунушуна бийлик тарап Иса Өмүркуловго кылмыш ишин козгоо менен жооп бергенин билдирип, оппозицияны 20-апрелге белгиленип жаткан мөөнөтсүз акцияларга даярдыктарды күчөтүүгө чакырды.

Иса Өмүркулов азыркы бийликке туруктуу оппозициялык көз карашын сактап келаткан саясатчылардан. Ал 2006-жылы күчүндө турган оппозициялык “Реформа үчүн” кыймылдын активдүү мүчөлөрүнөн болгон. Андан кийин Алмазбек Атамбаевдин жетекчилигиндеги Социал-демократиялык партиянын катарында 2007-жылы партиялык тизме менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайрадан шайланган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG