Сүрөт баян
Куурчактардын тарыхын баяндаган көргөзмө
Бишкектеги Сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында колго жасалган куурчактардын көргөзмөсү өтүп жатат.
Ажайып Кыргызстан: Сары-Челекке саякат

Сары-Челек көлү - Тоскоол, Тоскоол-Ата, Чаткал кырка тоосунун Ат-Ойнок кырка тоосу менен чектешкен жерде жайгашкан көл. Аксы районунун аймагында орун алган.
Деңиз деңгээлинен 1900 метр бийиктикте жайгашкан Сары-Челек көлү кайталангыс табияты жана Кызыл китептеги жаныбарлары менен ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген.
Жээнбеков менен Рахмон жолукту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары 26-июлда Ак-Сай менен Ворух айылынын чек арасында жолугушуп, чек арага жакын жайгашкан айылдын элдери менен сүйлөштү.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президент Эмомали Рахмон Ак-Сай менен Ворухтун чегинде жолукту.
Аксайлыктар үйүнө кайта баштады

Чек арасындагы чырдан улам коопсуз аймакка чыгарылган Баткен районунун Ак-Сай айылынын 600 тургуну бүгүн, 25-июлда кайра үйлөрүнө жеткириле баштады.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чырдан улам коопсуз аймакка чыгарылган Баткен районунун Ак-Сай айылынын 600 тургуну 25-июлда кайра үйлөрүнө жеткириле баштады.
Вулканга ыргытылган мал, чачылган темир
Апта ичинде дүйнө жүзүндө тартылган сүрөттөрдүн ичинен мыктыларын иргеп алдык.
Чек арадагы абал

Чатак чыккан жерде Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерлери жүрөт. Эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжалдын уланып кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат.
22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кыргыз тараптан 15 киши жабыркап, бир тажик жараны каза тапканы кабарланды.
Акактаткан аптап
Кыргызстанда учурда абанын температурасы +38ге чейин жетти. Ушундай эле аба ырайы келерки жуманын аягына чейин күтүлүүдө.
Абитуриенттер кесип тандай баштады
Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, эки күн талондор кабыл алынып, 11-июлда экземенге уруксат алгандардын тизмеси жарыяланат.
Атамбаевдин тарапташтары митингге чогулду
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери Бишкектеги «Медиа Форум» имаратынын алдында президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигине каршы митингге чогулушту.