Сүрөт баян
Караколдун таңдайды так эттирген тамагы
1-июлда Каракол шаарынын 150 жылдык мааракесин утурлай этнофестиваль уюштурулду. Анын алкагында шаардыктар жана меймандар үчүн 1,5 тонна ашлян-фу даярдалды. Шаардын борбордук аянтында дасторкон жайылып, ашлян-фу үч жарым миң кишиге акысыз таратылды.
Триатлон боюнча көл жээгиндеги жарыш
Ысык-Көлдө триатлон боюнча Азия Кубогу жана Борбор Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдешке 10 мамлекеттен 300дөн ашык спортчу катышты.
Кой-Таш: Атамбаевдин тарапкерлери нааразы
Жогорку Кеңеш 27-июндагы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун жактырды.
Кой-Таштагы кырдаал
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүндө 26-июнь күнү өз тарапкерлеринен түзүлгөн «элдик штабдын» мүчөлөрү менен жолукту.
Көл-Төрдүн ажайып көркү

Көл-Төр Кыргызстандагы кооз көлдөрдүн бири болуп саналат. Ал деӊиз деӊгээлинен 2730 метр бийиктикте жайгашкан.
Көл-Төр - Кыргызстандагы кооз көлдөрдүн бири. Ал деӊиз деӊгээлинен 2730 метр бийиктикте, мөңгүлөргө жакын жайгашкан. Көк-жашыл түстөгү көлдү көрүш үчүн жыл сайын дүйнөнүн чар тарабынан туристтер келет.
Хошуд Цэнгэл жана Тамга-Таш: Сүрөт баян

КЭРдин Коомдук илимдер академиясынын Тарых институтунун профессору Хошуд Цэнгэл Жети-Өгүздөгү Тамга-Ташта. Кыргызстан. 12.6.2019.
Кытайлык булак таануучу Хошуд Цэнгэлдин Кыргызстанга сапары жана Жети-Өгүз жергесиндеги бутпарастык Тамга-Таштагы жазманы окушу тууралуу сүрөт баян.
Грузия: нааразылыктын төртүнчү күнү

Тбилисиде нааразылык акциялары 20-июнда башталган. Буга Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гавриловго байланышкан окуя себеп болгон. Гаврилов Грузияга Православ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылыш үчүн барган. Нааразылыкка чыккан грузиндер жыйын учурунда Гаврилов төраганын креслосуна отурушун «Грузияны сыйлабастык» катары баалашкан. Орус депутаты 20-июнда Православ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясынын жыйынын парламент төрагасынын ордуна отуруп ачкан.
Тбилисиде миңдеген адамдар 20-июнь күнү өткөн нааразылык акциясында күч колдонгондорду жазалоону жана иштен алууну талап кылып чыгышты. Жекшембидеги акция саат 19га жакын Руставели проспектисинде, парламент имаратынын алдында башталды. Айрым катышуучулар Орусияны, анын президенти Владимир Путинди айыптаган баннерлерди көтөрүп чыгышты.
Эгиздер аянтка чогулду
Бишкекте өткөн эгиздердин фестивалына 200дөн ашык бала катышты.
Cаммит, тыгын, сейил...
Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтүп жатат. Саммитке Орусиянын, Казакстандын, Кытайдын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Ирандын, Беларустун, Ооганстандын, Монголиянын президенттери жана Индия менен Пакистандын өкмөт башчылары келди.
ШКУ: Бишкек президенттерди тосуп алды
14-июнда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Ага катыша турган өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келе баштады. Алгачкылардан болуп Кыргызстанга Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Кытайдын лидери Си Цзинпин келишти.
"Ак шумкарлардын" бүйүр кызыткан оюну

Кыргызстан менен Палестина курамаларынын беттеши "Ак шумкарлардын" Азия кубогунан кийинки өз талаасында өткөрүп жаткан алгачкы беттеши.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы палестиналык футболчулар менен жолдоштук беттеште күч сынашып, 2:2 эсебинде тең чыкты. Азия Кыргызстанга таандык голду Турсунали Рустамов менен Бекжан Сагынбаев киргизди.
Каршылык менен коштолгон шайлоо
Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Бул акыркы 30 жылдан бери өлкөнү башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы шайлоо. Шайлоодо жети талапкер ат салышууда. Талапкерлердин бири учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев нааразылык акцияларына чыгып жаткан адамдардын аракетин «өздөрүнүн тандоосу» деп айтты.
Айтматовду аздектегендерге белек

1000 нускадан турган китеп дүйнөлүк жазуучуну аздектеген замандаштарга, адабият сүйүүчүлөргө, Айтматов таануучуларга, студенттерге, окуучуларга арналат.
Дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу “Азаттык” радиосу топтогон эскерүүлөр “Айтматовдун элдеги элеси” деген ат менен китеп болуп басылып чыкты. Китептин бет ачары бүгүн, 7-июнда радионун Бишкек бюросунда өттү.
Жети дубандагы айт намаз
Кыргызстанда 5-июнда Орозо айт майрамы белгиленди.