Сүрөт баян
Каракол: ээнсиреген көл жээги
Коронавирус илдетинин тез жайылып жатканына байланыштуу Ысык-Көлгө эс алууга баргандар дээрлик жок. Каракол шаарынын жанындагы көл жээги ээнсиреп турат.
СOVID-19: Аймактардагы стационардык борборлор
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын жети облусунда жана райондорунда күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Ал жерден бейтаптар медициналык жардам алып кетишет.
Илдет Таласты да жүдөтө баштады
Талас облусуна коронавирус илдети кеч жетти. Көптөр буга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ырааттуу иши себеп болгонун белгилешет.
Убайымдуу бейтаптар, убактылуу ооруканалар
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп баратат. Ооруканалар толуп, бейтаптарды кабыл албай, илдетке чалдыккандар бейтапкананын короосунда көз жумганы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Ушундан улам өкмөт күндүзгү медициналык стационардык борборлорду ачты.
Толкундар жоктоп ак кууну, томсоро түштү Ала-Тоо
Жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.
«#RЕакциянын» катышуучулары Интернетти чектөөгө каршы

“Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы уюштурулган акциянын катышуучулары Эркиндик сейил багына топтолушту.
Активисттер 29-июнда “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы «#RЕакция 3.0» деп аталган нааразылык акциясына чыгышты.
Болот Шердин саясий жолу сүрөттөрдө
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шер (Болотбек Шерниязов) 61 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шер жарык дүйнө менен кош айтышканы тууралуу бир тууганы, парламенттин депутаты Садык Шер “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Садык Шер “Баатырыбыз да, асылыбыз да Бокемден айрылып калдык... Коштошуу зыйнаты (өзүнүн керээзи боюнча) Чоң Капка айылында 23-июнда саат 11де өтөт” деп кабарлады.
Казак бийлигине каршылар митингге чыгышты
Казакстандын бир нече шаарында “Тынч жыйындар жөнүндө” мыйзамга нааразылык билдирүү үчүн митингге чогулган ондогон адамдар кармалды.
Бактысы түркүн, баары сүйкүм балдар
Балдарды коргоо күнү жайдын биринчи күнүнө туш келип, дүйнө жүзү боюнча 1950-жылдан бери белгиленип келет. Бул күн коомдогу балдардын ордун көрсөтүп, алардын жашоо деңгээлине көңүл буруп, ден соолугун жана укуктарын коргоого чакырат.
Чек арада кырдаал тынч

31-майда Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр-чатак катталып, бири-бирине таш ыргытышкан.
31-майда кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек жеринде эки өлкөнүн жарандары ортосунда чыр чыкты.
Жоокерге мекендин ар бир ташы кымбат
29-май - Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кесиптик майрамы. Кыргызстан өзүнүн Куралдуу күчтөрүн 1992-жылы түзгөн. Анын катарында бүгүнкү күндө болжол менен 16 миңдин тегерегинде аскер кызмат өтөйт.
Баш калаада коомдук транспорт жүрө баштады
25-майда Бишкек шаарында коомдук транспорт жүрө баштады. Ал арада шаардын мэриясы жүргүнчүлөрдөн 1,5-2 метрлик аралыкты сактоону, дайым беткап кийип жүрүүнү талап кылууда.
Карантин шартындагы Орозо айт
24-май - Кыргызстанда Орозо айт майрамы. Жыл сайын бул күнү айт намазы аянттарда, мечиттерде окулуп келген.
Миң кырдуу дүйнөнүн бир ирмеми

Аары. Бал аарылар 35 күндүк өмүрүндө тыным албай эмгектенет. Анткени алар бак-дарактар гүлдөп турган учурдан пайдаланып, гүлдөрдүн таттуу ширесин, нектарды чогултушат. Окумуштуулардын айтымында, экологияда тең салмактуулук бузулганда аарынын саны азая баштайт экен. Ошондой эле бул жандыктар экономикага да чоң салым кошот.
22-майда Бүткүл дүйнө жүзүндө биологиялык ар түрдүүлүктүн күнү белгиленет. "Азаттык" бул күнгө карата атайын сүрөт баян даярдады.