Сүрөт баян
Навальныйды колдоо акциясы суукка карабай өтүүдө

Полиция катышуучуларды Москвада нааразылык акциясы расмий башталганга чейин эле кармап кете баштады.
Орусиянын көптөгөн шаарларында оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдогон акциялар уланып жатат. “Новичок” заты менен ууландырылгандан кийин Германияда дарыланган Навальный Орусияга кайтып келгенде 30 күнгө камакка алынган.
Америкалыктардын жаңы үмүтү Байденде
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
Путиндин Геленжиктеги ажайып хан сарайы: Сүрөт баян

Сүрөттөгү бул ак сарай Орусиянын курорттук шаары деп саналган Геленжиктен 18 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.
Байден менен Харрис ант берди: Сүрөт баян
АКШнын 46-президенти Жо Байден жана вице-президент Камала Харрис 20-январда салтанаттуу түрдө ант берип, кызматка расмий киришти. Сүрөт баян.
Шайлоо өнөктүгү кандай өттү?

Үгүт иштеринде талапкерлер ар түрдүү платформаларды колдонушту. Мурун талапкердин аты жазылган футболкалар колдонулса, быйыл шайлоо кыш күндөрүнө туш келгендиктен баш кийимдерге чейин талапкерлердин аты жазылды.
Бүгүн 10-январда Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум өтүтү. Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышты.
Шайлоо жана референдум: өлкө келечеги чечилүүдө
Талас шаарындагы шайлоого даярдык
Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтөт. Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган. Президенттик жарышка адегенде 18 талапкер чыккан, анын бири талапкерлигин алып салып 17си калган.
Жаш сүрөтчүнүн артында жаркыраган эмгек калды
Арзанын издеген кардар, жаңы жылдык жармаңке
Бабаларыбыздын 100 жыл мурдагы Ленинге жазган катынын түп нускасын тапкан жубайлар (Сүрөт баян)
Илимпоздор, архив таануучу жубайлар Владимир Шварц менен Асел Даниярова 1920-жылы 1-майда ала-тоолук он айдың орусча жазган жана Владимир Ленинге даректелген каттын түп нускасын орусиялык архивден таап, илим чөйрөсүнө киргизишти. Бул – 2020-жылдагы кызыктуу ачылыштардан болду.
Дүйнө кубогунда намыс талашкан кыргыз кыздары

Балбан Айсулуу Тыныбекова 14-декабрда кыз-келиндер арасында 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. 62 килограммга чейинки балбандар арасындагы финалдык кармашта Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде жеңди.