Сүрөт баян
АКШ: Вице-президент Харристин саясаттагы жолу

Камала Харрис 2019-жылы кичи мекени - Калифорния штатынын Окленд шаарынан вице-президенттикке талапкер катары ат салышкан.
Харрис 59 жашта.
Камала Харрис Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенттигине чейин жеткен теги түштүк азиялык алгачкы аял катары тарыхка кирди. Ал мурдагы юрист, штаттын башкы прокурору жана сенатор.
"Бийле, Бишкек". Кыймылда катылган жаштар үнү

Fusion Concept Festival деп аталган заманбап бий боюнча сынак быйыл Бишкекте үчүнчү жолу өтүп жатат.
Бишкекте заманбап бий боюнча Дүйнө чемпионатына тандоо мелдеши өттү. Fusion Concept Festival деп аталган мелдешке Орусиядан, Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Кыргызстандан 100дөн ашык бийчилер катышты. Катышуучулар бийдин Hip-hop, Popping түрүнөн жалгыздан, Freestyle түрүнөн жуп-жуптан бийлешти. Жыйынтыгында кыргызстандык бийчилер, эгиз бир туугандар Ома жана Ема жубу бийдин Freestyle түрүнөн Парижде өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо алышты.
Кыргыз-казакка таанымал Мурат Ауэзов менен коштошуу

Мурат Ауэзов 1943-жылы 1-январда Казакстандын Жамбыл облусунун Мерке айылында жарык дүйнөгө келген. Ал казактын белгилүү жазуучусу Мухтар Ауэзовдун уулу.
2024-жылы 16-июнда Алматыдагы Мухтар Ауэзов атындагы казак драма театрында белгилүү окумуштуу Мурат Ауэзов менен коштошуу зыйнаты өттү. Маркумдун сөөгү Кеңсай-1 көрүстөнүндө атасы, айтылуу жазуучу Мухтар Ауэзовдун жанына коюлду.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар акталды
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков 14-июнда Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы активисттердин баарын актады. Кемпир-Абад иши боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын ичинен 22 кишиге актоо өкүмү чыкты.
Бодибилдинг менен жашоосун өзгөрткөндөр

Үч баланын энеси Дарья Исмаилова бир жылда 17 килограммга арыктаган. Ал "трансформация" сынагында экинчи орунду ээледи.
"Башында залга келгенде аябай депрессияда болчумун. Күзгүдөн караганда өзүмдүн денем, өзүмө такыр жакчу эмес. Анан арыктоону максат кылдым. Ошол кыялымды ишке ашыруу үчүн бир жылдай тынбай машыгып, туура тамактандым. Азыр өзүмө абдан канааттанам. Кыздарга айтаарым: максат койдуңарбы, эч нерседен коркпой ага жеткенге аракет кылгыла. Менин уулум быйыл 11-классты аяктады. Жеңишимди уулума арнайм", - деди Дарья Исмаилова.
Иран президенти Раисинин өлүмү. Дүйнө коомчулугунун реакциясы

Кытай, Бээжин. Көчөдөгү чоң монитордон Эбрахим Раисинин өлүмү тууралуу кабарды көрүп жаткандар..
Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Раисинин өлүмүн "кайгылуу окуя" деп сыпаттады. Анын "кытай эли мыкты досунан айрылды" деген сөзүн өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин таратты.
Ирандын президенти Эбрахим Раиси баштаган бир нече аткаминердин тик учак кырсыгында каза тапканына дүйнө коомчулугунда ар кандай реакция болду. "Тегерандык касапчы" атка конгон Раисинин өлүмү кандай кабыл алынды?