Париж-2024: Сенадагы парад, жамгыр алдындагы шоу
Франциянын борбору Парижде XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өттү. Париж бир нече саат бою ачык асман алдындагы театрга айланды. Биринчи жолу Олимпиаданын ачылыш аземи стадиондо эмес, шаардын чок ортосунда өтүп, 200 өлкөнүн командалары Сена дарыясынан кайык менен Аустерлиц көпүрөсүнөн Йена көпүрөсүнө чейин сүзүп өтүштү. Салтанаттуу парадга 300 миңден ашуун көрүүчү күбө болду.

1
Париж Олимпиадасынын ачылышында Кыргызстандын туусун дзюдочу Эрлан Шеров менен суучул Елизавета Печерских көтөрүп чыкты.

2
Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышат.

3
Биринчи жолу Олимпиаданын ачылыш аземи стадиондо эмес, шаардын чок ортосунда өтүп, 200 өлкөнүн командалары Сена дарыясынан кайык менен сүзүп өттү.

4
Төрт саатка созулган шоу француз элинин тарыхын, көп кылымдык каада-салттары менен маданиятынын маанилүү мезгилдерин даңазалады.

5
Париждин кан тамыры катары саналган Сена дарыясы.

6
Спортчулар түшкөн кайыктар Аустерлиц көпүрөсүнөн Йена көпүрөсүнө чейин 6 чакырым сүзүп, Нотр-Дам, Эйфел мунарасы өңдүү Париждин эң кооз имараттарынын жанынан өтүштү.

7
Салтанатка 300 миңден ашуун көрүүчү күбө болду.

8
Шоу программанын жүрүшүндө атактуу сүрөтчүлөр, композиторлор, модольерлер, жазуучулар, кинематографисттер эскерилди.

9
Болгариянын курама командасы.

10
Казакстандын олимпиадалык курама командасы. Казакстан Париждеги Олимпиада оюндарына 80 жолдомо алган.

11
Ырчы Леди Гага ачылыш аземинде биринчи болуп ырдады.

12
АКШнын курама командасы.

13
Ушуну менен Париж үчүнчү ирет Олимпиада оюндарын өткөрүп жатат. Бул шаарда Олимп оюндары 1900-жылы жана 1924-жылы болгон.

14
Андан соң салтанат Эйфел мунарасынын алдында уланды.

15
Парад соңунда Сена үстүнөн темир атчан учкан кыз Олимпиаданын желегин алып келди.

16
Атактуу футболчу, машыктыруучу Зинедин Зидан Олимпиада отун көтөрүп баратат.

17
Салтанаттуу ачылыш аземи төрт саатка созулуп, күн бүркөлүп, жамгыр жаады. Нөшөр салтанат бүткөнгө чейин токтогон жок.

18
Эйфел мунарасы лазердик шоу менен дагы көркүнө чыкты.

19
Олимпиаданын отун дзюдочу Тедди Ринер менен жеңил атлет Мари-Жозе Перек жандырды.

20
Париждеги Олимпиада оюндары 16 күнгө созулат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашуун спортчу мелдешке чыгат. Жалпысынан 329 комплект медал ойнотулат.