Ошто Түркиядагы Вандык кыргыздардын улуттук кийимдеринин көргөзмөсү өттү. Анда Ооганстандан Түркияга көчүп кеткен кыргыздар улуттук кийимдерин, колдонгон буюмдарынын айрымдарын көргөзүштү. Түркиядан иш-чарага келген жети аялдын максаты кылымдардан бери келе жаткан кол өнөрчүлуктү, саймачылыкты сактап, элге жайылтууга багытталган. Көргөзмөнү “Аталар изи" коомдук фонду уюштурган.
"Кыз бала кызыл чоктой". Вандык кыргыздардын көргөзмөсү

1

2
Вандык кыргыздар кийип турган кийимдердин дээрлик көпчүлүгү алардын апаларынан калып, муундан-муунга өткөрүлгөн.

3
Калак деп аталган баш кийимди кыз турмушка узатылып жатканда тигип беришет. Анын үстүнө сайма түшүрүлөт. Ар кандай шуру менен шөкөттөлүп, күмүш зер буюмдар кошо илинет.

4
Вандык кыргыздар турмушка чыга элек кыздарга кызыл түстөгү кийимдерди кийгизет. Аны алар "чоктой кызыл" деп айтышат. Кызыл кийгизген себебин кыздын улуулугу катары түшүндүрөт.

5

6
Уюштуруучу Асел Калканованын айтымында, "кызыл түс турмуш кура элек кыздар кызыл чоктой, аны кармоого болбойт" деген маанини да туюндурат.

7

8
Ал эми апалар кочкул кызыл түскө басым жасашат.

9

10

11
Вандыктар көргөзмөгө алып келген кийимдеринин айрымдарын 50 жыл мурун кичи Памирден ала барышкан экен.

12

13

14

15
Вандык кыргыздар улуттук баалуулуктарды жайылтууну көздөйт.

16

17

18

19

20
Вандык кыргыздардын кийимдеринин көргөзмөсүнө келгендер.