Сүрөт баян
Эки жылдык чектөөдөн кийин аянтта окулган Айт намазы
Эки жылдык чектөөдөн кийин Бишкектеги эски аянтта Айт намазы окулду.
Түркүн түстүү Бишкек

Бишкектин так ортосунда жайгашкан Эркиндик бульвары шаар пайда болгондо негизделген. Азыр бул жерде шаардыктар сейилдеп турушат.
Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын негизделгенине 144 жыл болду. Калаа 1878-жылы Пишпек деп түзүлүп, кийин Фрунзе болуп өзгөргөн. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Бишкек болуп аталган. Борбор калаанын түзүлгөн күнүнө карата анын азыркы эки башка абалын чагылдырган сүрөт баян.
Ажайып Кыргызстан: Папандагы сулуулук
Жаз келип, Папан суу сактагычы көркүнө чыккан кези. Күн чайыттай ачылган кезде көл көк-жашыл түскө боёлуп, кайталангыс сулуулукка бөлөнөт.
Таштанды талаасындагы жан чыдагыс абал

Башкы прокуратура Бишкектеги таштанды полигонун рекультивация кылуу жана таштанды иштеткен завод куруу долбооруна байланыштуу төрт кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.
Бул тууралуу 1-апрелде Бишкектин прокурорунун орун басары Авазбек Каримов билдирди.
“2018-жылы, 2021-жылы жана быйыл козголгон кылмыш иштери бар. 2018-жылы козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап сотко жөнөтүлгөн. Дагы бир кылмыш ишинин алкагында бир адамга айыбы угузулуп издөө жарыяланды. Тергөөнүн купуялуулугу үчүн анын атын атай албайм. Дагы эки кылмыш иши тергелип жатат”, - деди Каримов.
Бишкек шаарына караштуу Санитардык полигон ишканасынын көзөмөлүндөгү шаардык таштанды талаасы учурда оор абалда. Техниканын жетишсиздигинен улам убагында түртүлбөй, сорттолбогон таштандылар белгиленген аймактан чыгып кеткен.
Украина: Киевдеги метро коргонуу жайына айланды (сүрөт баян)

Орусиянын Латвиядагы элчилигинин алдындагы Украинаны колдогон митингдин катышуучулары көтөргөн сүрөт. Орус президенти Владимир Путиндин элеси. Рига, 17-март, 2022-жыл.
Бул аптада дүйнөнүн булуң-бурчунан тартылган таасирдүү сүрөттөрдүн топтому.
Польшанын вокзалдары качкындарга толду
Польшанын Украина менен чектеш Перемышл шаары согуштан качкан украиналык качкындарга толгон.
Мариуполдогу боордоштор көрүстөнү (сүрөт баян)

Украинанын Мариуполь шаары. Жергиликтүү жашоочулар сөөктөрдү боордоштор көрүстөнүнө таштап жатышат. Орусиялык күчтөрдүн тынымсыз аткылоосунан улам бул жердегилер маркумдарды көмө алышпайт. 9-март, 2022-жыл.
"Эркин Европа/Азаттык" үналгысы иштеген аймактарда тартылган жана таасир калтырган сүрөттөр топтому.
Өзгөрүүнүн символу: Орусияда "Макдоналдс" ачылган күн
McDonald's компаниясына таандык биринчи ресторан Москвада мындан 32 жыл илгери, 1990-жылдын январында ачылган.
Хоккей: Кыргызстан чемпион болду
Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы дүйнө чемпионатынын 4-дивизионунун алтын байгесин утту. 8-мартта Кыргызстандын курамасы Кувейттен келген хоккейчилерди 14:0 менен утуп, жалпы жыйынтыкта биринчи орунга чыкты.
Бишкек: тынчтыкка чакырган аялдар маршы
Бишкекте хоккей боюнча чемпионат башталды

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдагы хоккей боюнча IV Дивизиондогу Дүйнө чемпионатынын ачылышын баштап берди.
3-мартта Бишкектеги "Бишкек Арена" спорт комплексинде хоккей боюнча IV дивизиондогу I Дүйнө чемпионаты башталды. Ага Кувейт, Малайзия, Кыргызстан, Иран жана Сингапурдун командалары катышууда. Оюндар 8-мартка чейин уланат. Мелдеш жыйынтыгында көч башын жетектеген команда III дивизиондо ойноого жолдомо алат.