Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арасын тактоонун жүрүшүндө алмашылган Достук айылынын тургундарын жаңыдан түптөлгөн Жаңы-Достук айылына көчүрүү башталды. Бул алмашуунун алкагында 257 үй көчүрүлмөй болгон. 1-ноябрга чейин Достуктун тургундары жаңы түптөлгөн конушка толук көчүрүлүп бүтөт.
Кыргыз бийлиги виртуалдык актив жана блокчейндерди өнүктүрүүнү көздөөдө. Бул жаатта Улуттук кеңеш түзүп, анын экинчи жыйынын өткөрдү. Жыйынга президент өзүнүн кеңешчиси кылып дайындаган Binance криптовалюталык компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао да катышты.
Брюсселдеги саммитте Украинага каржылык жардам көрсөтүү маселеси талкууланып, 2026-2027-жылдарга 140 миллиард еврого чейин каражат бөлүү планын сунушташты. Бул каражатты камактагы орусиялык активдерди күрөө катары колдонуу шартында берүү талкуусу юридикалык жана саясий көйгөйлөрдү жаратууда.
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар саясатчылар жазага тартылган Кой-Таш окуясы боюнча иш Бишкек шаардык сотунда каралып, айыпталуучуларга карата Биринчи май райондук сотунун чечими өзгөртүүсүз калды.
АКШнын президенти Дональд Трамп орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолукпай турганын билдирди. Ушул эле күнү Кошмо Штаттардын Финансы министрлиги орустардын “Роснефть” жана “Лукойл” ири мунай компанияларын санкциялык тизмеге киргизгени маалымдалды.
Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде түн ортосунда чыккан өрт бир үй-бүлөдөн алты кишинин өмүрүн жалмады. Кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ош шаарынын мэри жана укук коргоо органдары иштеп жатат.
Европа чоң согуш болушу ыктымал деген негизде ага даярдык көрө баштады. НАТО Орусия альянска каршы гибриддик чабуул баштап, андан ары чоң согушка даярданууда деп санайт. Ошол эле маалда Орусиянын НАТО өлкөлөрүнүн аймагына кирүүгө камданып жатканын көрсөткөн так белгилер жок.
Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде түн ортосунда чыккан өрттөн бир үй-бүлөдөн алты киши, анын ичинде беш бала каза болду. Президент өлкөдө өрттү алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Украинанын Киев баш болгон аймактары кайрадан орус армиясынын жапырт соккуларына туш болуп, алты адам мерт болду.
Украинанын шааралары кайрадан орус армиясынын жапырт соккусуна туш болду. Борбор шаарда жана облуста алты киши каза болгону маалымдалды. Харьковдо пилотсуз учак бала бакчага тийгенде бир нече киши жараат алды. Ал арада АКШ жана Орусия президенттеринин саммити жакын арада өтпөй калганы кабарланды.
Ош мэриясынын маалыматында, Ош шаарындагы Жибек-Жолу аймактык башкармалыгындагы Орозбеков 26 көчөсүндө таңкы саат 3:30 чамасында турак үйдүн жер төлөсүндө өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.
Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын лидери Дональд Трамп менен өткөн аптада телефондон сүйлөшкөндө Украина согушту токтотуу үчүн Донбасстын калган бөлүгүн толугу менен Орусияга өткөрүп бериш керек деген талабын кайталаган.
Бишкекте жол кырсыгынан каза тапкан өспүрүмдүн энеси бийликке кайрылып, мындай кылмышка себепчи болгон балдардын ата-энесинин да жоопкерчилигин мыйзам алкагында кароого чакырды. 18-октябрдагы каргашада бир өспүрүмдүн өмүрү кыйылды, дагы үч бала жабыркады.
Дагы жүктөңүз