Литвада 49 жаштагы кыргызстандык Мухаммад Али Нуркулов “террордук уюмду каржылаган” деп шектелип, алты айдан бери камакта отурат.
Дубайдан Тель-Авивге бараткан жүргүнчү учакта экинчи учкуч капитанды бычактап, андан кийин лайнер кескин төмөндөй баштаган. Израил бийлиги экинчи учкуч учакты атайылап кыйратууга аракет кылганын билдирүүдө. Жүргүнчүлөр кабинага кирип, аны токтотуп, учак Сауд Арабиясына конгон.
Литвада 49 жаштагы кыргызстандык Мухаммад Али Нуркулов “террордук уюмду каржылоого” шектелип, алты айдан бери камакта отурат.
Жогорку Кеңеште жыныстык мүнөздөгү айрым кылмыштар боюнча мыйзамдарды кайра кароо сунушу айтылды. Депутаттар пробацияны кайтаруу, тараптардын жарашуусуна жол берүү жана өспүрүмдүн жашын билбеген учурларды өзүнчө кароо маселесин талкуулашты.
Кремлдин саясатын ачык колдогон StanRadar сайты буга чейин бир нече чагымчыл мүнөздөгү макалаларды жарыялап келген. Ал сайт Кыргызстандын аймагында учурда ачылбайт. Сайттын бөгөттөлүү себеби буга чейин расмий жарыяланган эмес.
Мавлян Аскарбековду райондук сот эки жылга абакка кести. Коррупцияга шектелип кармалып, кийин үй камагына чыккан экс-депутат Шаирбек Ташиевдин мамлекетке канча зыян келтиргени кайрадан такталууда. Бишкекте орусиячыл “Станрадар” порталы Кыргызстандагы улут аралык мамилеге байланыштуу талкуу өткөрдү.
Орус армиясы Украинанын аймактарына абадан сокку урууну улантууда. 29-сентябрга караган түнү Одессада алты киши жараат алды. Дүйшөмбүдө Киевдеги Улуттук илимдер академиясынын имараты бутага алынган. Бул маалда фронттогу абал боюнча да Москва менен Киев карама-каршы маалыматтарды таратууда.
Кыргызстанда президенттик шайлоого расмий старт берилип, саясий иш-чаранын эрежелери аныкталды. Ал тапта “75чилердин иши” боюнча айыпталуучулардын колуна соттун өкүмү тийди. Каспий деңизиндеги 14 аскердин өмүрүн алган трагедиядан кийин Казакстандын коргоо министри алмашты.
24-сентябрда Каспий деңизинде өткөн казак армиясынын аскердик машыгуусу трагедия менен аяктады. Аба ырайы кескин начарлап, катуу шамалдан улам 17 аскер деңизге чөгүп кетип, алардын 14 курман болду, үчөө аман калды. 25-сентябрда казак эли кырчындай уулдарын акыркы сапарга узатты.
Жасалма интеллект АКШ менен Кытайдын мамилесиндеги жаңы, маанилүү маселелердин бирине айланууда. Эки держава бул чөйрөдө технологиялык лидерлик үчүн күрөшүүдө. Ошол эле маалда экөө тең жасалма интеллект көзөмөлдөн чыгып кетсе, анын арты олуттуу коопсуздук көйгөйлөрүнө алып келерин жакшы түшүнөт.
Каспий деңизиндеги машыгууда 14 аскер курман болду. Орусияда акыркы маалда мигранттарды текшерүү күчөп кеткени маалым болду. Нью-Йоркто жүрүшкө чыккандар Газадагы согушту айыптап, Израилдин өкмөт башчысын камоого чакырды.
Дагы жүктөңүз