Орусияда жашаган кыргыз тектүү Эмил Жеңишбеков Украинадагы согушка жасалма келишим менен жөнөтүлгөнүн жакындары айтып чыкты. Алар 28 жаштагы жалгыз уулу согушка барууга макул деген келишимге кол койбогонуна карабай күч менен Донбасска жөнөтүлгөнүн билдирүүдө.
Казакстанда Каспий деңизинде аскер-деңиз күчтөрүнүн окуу-машыгуусу маалында шамалдын күчөшүнөн 14 аскер кызматкери сууга чөгүп каза болду. 25-сентябрь Казакстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бардык маданий, оюн-зоок иш-чаралары токтотулду.
Мурдагы ички иштер министри, саясатчы Өмүрбек Суваналиев 2027-жылда өтчү президенттик шайлоого талапкер болуу ниети бар экенин билдирди. Бул тууралуу саясатчы “Азаттыкка” маегинде айтты.
БУУнун башкы трибунасында дүйнө лидерлери согуш, санкция, климатка байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрдү. Жапаров эл аралык коомчулуктун көңүлүн Ысык-Көлдү сактоого бурду. Аскарбеков лингвистикалык экспертизанын бүтүмүнө макул эместигин айтты. 37 жыл мурун кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгон.
22-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жалпы дебаты башталды. Садыр Жапаров өз сөзүндө Украина, Иран, Судан жана Газадагы окуяларды атап, дүйнөдөгү согуштар менен гуманитардык кризистер эл аралык процесстердин татаалдашканын көрсөтүп турганын айтты.
Жаңы окуу жылынын башында Чаткалда 9-класстын, Сузакта 10-класстын окуучусу каза болду. Мектептеги балдардын коопсуздугун ким коргойт? Берлиндин мэри түркиялык мигранттардын кызы Элиф Эралп болуп калышы ыктымал. 45 жаштагы саясатчы Нью-Йорктун мэри Мамданиден үлгү алганын айтты.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза тапканын жакындары айтып чыкты. Алардын билдиришинче, өспүрүмдү дааратканада 11-класстын окуучулары сабап, бала ошол жерде жан берген. Облустук милиция окуяга катыштыгы бар делген төрт окуучуну камакка алды.
Йемендеги хуси козголоңчулардын Сауд Арабияга сокку уруп, дүйнө мунайынын 6% ташылган Баб-эл-Мандеб кысыгын өз көзөмөлүнө алуусу глобалдык алкакта олуттуу кесепеттерге алып келиши ыктымал. Ормуз кысыгындагы кыймыл токтоп калгандан бери Сауд Аарабия экспортунун 75% ушул жолго багытталган болчу.
Украиналык дрондордун Москвага жапырт чабуулунан кийин айрым кыргызстандык мигранттар мекендештерине кайрылып, орус башкалаасына келбей турууну эскертүүдө. Орусиянын миграциялык катаал саясатына карабай бул өлкөдө иштеп жүргөн жүз миңдеген кыргызстандыктар бар. Көпчүлүгү Москвада эмгектенет.
Украина Москвага дрон менен жапырт сокку урду. Бул чабуул Орусиядагы парламенттик шайлоонун акыркы күнү болду.
Орусияда мигранттар азайып, жумушчу күчүнүн тартыштыгы күчөп жатат. Бийлик бир жагынан чет элдик жумушчуларды тартууга аракет кылса, экинчи жагынан аларга көзөмөлдү жана чектөөлөрдү күчөтүүдө. Эксперттер мындай саясат экономика үчүн кошумча көйгөй жаратышы мүмкүн экенин айтууда.
Дагы жүктөңүз