ЭЕ/АҮ Кыргыз кызматынын кабарчысы Тынчтыкбек Чоротегин Кыргызстандагы алгачкы демократ-активисттердин ачкачылык акциялары тууралуу эскерет.
КГБ адамды "жинди" деп тапкандан кийин эмне болгон? АКШдагы Гудзон институтунан Дэвид Саттер менен режиссер Андрей Некрасовдун Орусияда тарткан “Жөөлүнүн кезеңи” деп аталган документалдык тасмасынан баян.
Вацлав Гавел: "Орусияда СССРди эңсөөгө чекит коюу керек"
Орусиядагы Шадринск шаарчасында (мурдагы башка советтик айыл-кыштактар жана шаарлардагыдай эле) жоокерлер менен кабарчыларга ооган согушу тууралуу чындыкты айтууга тыюу салынган болчу. Цензура ушунчалык терең тамыр жайгандыктан, ал түгүл энелер да урушта набыт болгон өздөрүнүн уулдары тууралуу ооз ача алчу эмес.
1991-жылы Кыргызстандын башкалардан озунуп эртерээк эгемендикке жетишине ошол кездеги Мамлекеттик телерадиокомитетти жетектеген Сатыбалды Жээнбековдун салымы чоң болгон.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун төрагасы, Соц.эмгектин эки жолку баатыры, даңазалуу чабан Таштанбек Акматов "Азаттыкта" мейманда.
Мындан жыйырма жыл илгери 31-августта легендарлуу парламент Кыргызстандын “Көз карандысыздыгы жөнүндөгү” декларация кабыл алган.
Мындан жыйырма жыл илгери 30-августта өткөн кылымдын 37-38-жылдары репрессияга туш болгондорду кайра жерге берүү зыйнаты өткөн.
1991-жылы 29-августта Кыргызстанда “Кыргыз туусу”, “Кыргыз руху” жана “Жаштык жарчысы” гезиттеринин жаңы сандары жарык көргөн.
Кыргыз Эл баатыры, скульптор Тургунбай Садыков “Эркиндик” эстелигинин алынышы жана Бишкектеги башка эстеликтер, чыгармачылыгы тууралуу кеп салып берди.
Мындан жыйырма жыл илгери 27-августта президенттер Назарбаев, Акаев жана Ельцин Москвада Михаил Горбачев менен жолушкан.
Мындан 20 жыл илгери 1991-жылдын 26-августунда СССРдин курамына кирген бардык өлкөлөрдө КПССтин ишмердүүгү токтотулган.
Дагы жүктөңүз