Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:01

Кыргызстан эгемендигине беш күн калганда


СССР президенти Михаил Горбачев Орусия президенти Борис Ельцин менен.
СССР президенти Михаил Горбачев Орусия президенти Борис Ельцин менен.

Мындан 20 жыл илгери 1991-жылдын 26-августунда СССРдин курамына кирген бардык өлкөлөрдө КПССтин ишмердүүгү токтотулган.

Кремлде СССР Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясы болуп, анда мурдагы президент Аскар Акаев сөз сүйлөгөн. Бул күнү Кыргызстандын эгемен өлкө болушуна беш күн калган эле.

КПСС ишин токтотту

1991-жылдын 26-августунда Кремлде СССР Жогорку Кеңешинин жыйыны өткөн. Ага байланыштуу 1. СССР эл депутаттарынын кезексиз бешинчи съездин чакыруу; 2.СССРдин президенти Михаил Горбачевдун болуп өткөн мамлекеттик төңкөрүшкө байланыштуу келип чыккан кырдаал жөнүндө билдирүүсү; 3.СССРдин башка мамлекеттик органдарынын жана коомдук-саясий уюмдардын жетекчилигинин ролуна саясий баа берүү; 4.СССР министрлер кабинетине ишеним, СССР Жогорку Кеңешинин аппаратын тезинен кайра уюштуруу жана башка токтом кабыл алынган. Кезексиз жыйында СССР президенти Михаил Горбачев жана башка депутаттар кырдаал тууралуу сөз сүйлөшкөнүн “Время” берүүсү көрсөтүп турган.

Ошол эле сессияда Кыргызстан президенти Аскар Акаев да сөз сүйлөгөн. “Бүткүл акыркы жылдарда элди демократия алсыз, демократиялык бийлик реалдуу окуялардын жүрүшүнө таасирин тийгизе албайт деген ойго көшөрүү менен ынандырып келишкен. Акыркы жуманын окуялары андай эмес экендигин көрсөттү. Дал демократтар өздөрүнүн эрдиги менен, өздөрүнүн чечкиндүү аракеттери менен тоталитаризмдин жүлүнүн үздү. Жеңилген душман эми келесоодой жана начардай көрүнөт. Бирок биз бул дегеле жасалма жолборс эмес экендигин жана окуялар башкача жүргөндө өлкө канга толуп, ага чыныгы эле кишен салмакчы экендигин ачык түшүнүүгө тийишпиз”, - деп сүйлөгөнүн жергиликтүү гезиттер жазып чыккан.

Ал эми ушул күнү Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын иши токтотулуп, Советтик Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп турган Жумгалбек Аманбаев кызматын тапшырат.

Коммунисттер менен демократтардын талашы

Компартия лидерлеринин бири Клара Ажыбекова партияны "легендарлуу парламент" мыйзамсыз тараткан деп эсептейт.

- Пленум өттү, анда Аманбаев жана башкалар болду. Мен да катыштым. Партбилеттерди тапшыргыла дегендер болгон. Совет доорунун арты менен өсүп чыккандардын баары партияны жаап салышкан. Жаныбызда жүргөн эле кишилер бүт баарын жаап, жөн эле айбанчылык иш болгон. Мыйзамсыз жапкан партияны. Мага бул абдан таң калыштуу нерсе болду. Ошол кезде коммунист болгон адамдар менен учурашкандан коркуп калышкан.

Ошентип Жумгалбек Аманбаев 1991-жылдын апрель айынан августтун 26сына чейин Советтик Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын эң соңку биринчи катчысы болуп калды.

Ал эми Акбар Рыскулов ошол кезде президент Аскар Акаевдин маалымат катчысы болуп турган. Рыскуловдун айтымында, Компартия ишмердүүлүгүнүн токтотулушуна ошо кезде бир топ саясатчылар каршы чыгышкан.

- Компартиянын тарашына анын алдындагы чоң окуя себеп болгон. Ельцин баштаган чоң саясатчылардын чечими чыкты. Россияда партиянын ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө жарлыкка кол коюлду. Бул СССРдин курамынан жаңыдан бөлүнүп келе жаткан биз үчүн да маанилүү эле. Албетте бул карама-карышылыктарды туудурду. Ага бир жуманын ичинде Аманбаев сыяктуу саясатчылар өтө каршы чыгып, кайрадан бийликти ээлөөгө аракет кылышты. Президенттин аппараты жыйын өткөрчү залды Коммунисттик партиянын жыйын залы деп жазып коюшуптур. Мен аны алып коюуну талап кылдым. Анткени жарым сааттан кийин биздин жыйын өтчүдөй болуп турган. Ошондой эле качып аткан ГКЧП мүчөлөрү Кыргызстанга келатат деген да кабар жаңырып калган. Биз, маалымат кызматы аны төгүндөп турдук.

Легендарлуу парламент депутаты Мар Байжиев Компартиянын тарашын чоң окуяларды бири деп баалайт. Ал “Компартия өзүнүн түбүнө өзү жетти” - деди "Азаттыкка".

Ошентип бул күндөрү СССР курамына кирген айрым өлкөлөр көз карандысыз өлкө болуу тууралуу чечимдерди кабыл ала баштаган. Алардын башында Молдова турган. Ал эми Кыргызстандын эгемен өлкө болушуна беш күн калган эле.
XS
SM
MD
LG