«Күлкү кербени» түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы калайыкты дүрбөлөңгө салган коронавирус тууралуу жаңы азилдерден турат.
* * * * *
- Эй, туугандар! Коронавирустан чочулап, кээде онлайн гана учурашып калабыз го...
- Айтканыңда калет жок. «Төлөнчө деген коронавируска кириптер болуптур. Барып, эки бетинен өөп учурашып, көз көрсөтүп койбосок, таарынат» дей берсек, мүлдө туугандар менен досторубуз кырылып калып жүрбөйлүк!
* * * * *
- Тээтиги Жолборс Алай деген чунактын чунагы экен!
- Эмне болуптур?
- «Коронавирусту мен ойлоп тапкам, Кытайга мен жөнөткөм» деп атат ко?
- Аны уга берсең, «"Алясканы америкалыктарга сат" деп орус падышасын мен көндүргөм» деп да сүйлөй берет.
* * * * *
- Баланча деген депутат куудул экен, ой!
- Эмне деп айтып ийиптир?
- «Коронавируска каршы иммунитетти чыңдаш үчүн эмге кылыш керек?» деп саламаттык сактоо министрине эмес, айыл чарба министрине кайрылды го?
- Анан?
- Тиги болсо «иммунитет» сөзүнүн маанисин боолголоп билди да, «чоң энем сүттүү чайга бал салып иччү эле, ошол балдан өтөрү жок» деп жооп узата салды!
- «Чоң энем сактаган койдун куйрук майынан шыбап койсо эле айыгат» же «Менделеевдин кырк даражага жетчү суусунан өтөрү жок» дегендей кеп болуптур да!
* * * * *
- Коронавирус силердин өлкөгө эмне үчүн жеткен жок?
- Биздеги поликлиникалардагы узун кезектерден коркту окшойт.
* * * * *
Батышта да коронавирус илдети түркүн азилдерди пайда кылды. АКШдагы Си-Эн-Эн компаниясынын таанымал алып баруучусу Вольф Исаак Блитцердин (Wolf Blitzer) сүрөтүнүн астына азил кылып «Алкоголдук ичимдик коронавирусту жайран кылат» деген текст жайгаштырып, өз сүрөтүн жанаша жарыялоо өнөктүгү улам күч алууда. «Твиттердеги» ошондой тамашалаган жарыялардын бири.
(ТТ)
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.