Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:25

Күлкү кербени

Sorry! No content for 16 Ноябрь. See content from before

шаршемби 15 Ноябрь 2017

Орус сатириги Михаил Задорнов.
Орус сатириги Михаил Задорнов.

Даңазалуу орус сатириги Михаил Задорнов дүйнө салды. Анын сөөгү 15-ноябрда жерге берилди. Задорновдун какшыкка толгон күлкүсү өз доорунун түбөлүктүү сатиралык күзгүсү болуп калды.

Заманбап орус сатирасынын бараандуу өкүлү Михаил Николаевич Задорнов (1948—2017) 69 жашында Москвада дүйнөдөн кайтты.

Ал 1948-жылы 21-июлда Латвиянын Юрмала шаарында төрөлгөн. Анын атасы Николай Павлович Задорнов (1909—1992) советтик орус жазуучусу болгон. Энеси Елена Мельхиоровна Задорнова (никеге чейинки тегаты “Покорно-Матусевич”; 1909—2003) айым болсо поляк тегинен эле.

Михаил Задорновдун чоң атасы менен таятасы учурунда ГУЛагдын азабын чегишкен. Чоң атасы Павел Иванович Задорнов Пенза губерниясындагы Терновка кыштагында туулган. Чита аймагында ветеринар болуп иштеп жүргөн чагында чарба малы кырылып, аны “атайылап кырды” деген жалаа менен 10 жылга абакка кесишкен. Павел Задорнов абакта өлгөн, ал эми 1956-жылы аны советтик бийлик (өлгөндөн кийин) толук актаган.

Михаилдин таятасы Мельхиор Иустинович Покорно-Матусевич поляк дворяндарынан чыккан; учурунда Динабург аскер окуу жайында таалим алып, 1903-жылдан тартып падышалык аскерде кызмат өтөп, офицер даражасына жеткен; Кавказда кызмат өтөп, Трапезунд урушуна катышкан. 1920-жылы аны Кеңеш өкмөтү камакка алып, ал үч жылдай советтик абакта (ГУЛагдын алгачкы түрүндө) жаткан.

М.Задорнов Рига шаарындагы орто мектепти аяктаган соң, Рига политехникалык институтунда 2 жылдай окуган. Андан соң Москва авиациялык институтуна (МАИ) бир курс төмөнүрөөк которулуп, андагы Учуучу аппараттардын кыймылдаткычтары факультетин 1974-жылы аяктаган.

1974-78-жылдары аталган институтта Авиациялык жана космостук жылуулук техникасы кафедрасында инженер жана жетектөөчү инженер кызматтарында иштеген.

Физиктердин далайынан мыкты лирик чыкса, М.Задорновдогу сатирик жазуучунун таланты аны орус тилдүү сатириктердин алдыңкы сабына көтөргөн.

Ал студент кезинен эле МАИнин “Орусия” аттуу студенттик үгүт театрында көркөм жетекчи, режиссёр жана аткаруучу болуп иштеп, бүткүл Советтер Биримдигинин кыйла жерлерин кыдырган жана өнөрпоздук ишмердиги үчүн Ленин комсомолу сыйлыгына татыган.

СССРдин Борбордук сыналгысында ал 1982-жылы “Студенттин үйгө жолдогон каты” монологу менен туңгуч ирет чыккан. Анын 1984-жылы “Күлкү чөйрөсүндө” («Вокруг смеха») берүүсү аркылуу обого чыккан “Эки тогузунчу вагон” фельетону жумурай журтка жаш сатириктин атын чыгарган.

1984-85-жылдары Задорнов “Юность” журналынын сатира жана юмор бөлүмүн башкарган.

Оболу анын сатиралык чыгармаларын башка өнөрпоздор аткарып жүрчү. Ал эми "Кайра куруу" доорунан – 1980-жылдардын соңунан тартып ал өзү да театр жана сыналгы сахналарында өз чыгармаларын аткара баштаган.

Мурдагы советтик көгүлтүр экрандын көрүүчүлөрүнүн эсинде калган бир окуя – 1991-жылдын 31-августунун акыркы мүнөттөрүндө болгон. Анда орусиялык сыналгынын Биринчи каналы аркылуу сатирик Михаил Задорнов Орусиянын жалпы элин босогодон кирип келе жаткан 1992-жыл менен куттуктаган.

Сатирик өз сөзүн учурунда бүткөрө албай калып, анын айынан Кремлдин түнкү саат 12:00де жаңыра баштачу коңгуроолору Орусия сыналгысынын Биринчи каналында дээрлик бир мүнөт кечигип кагылган.

Биз мурдагы СССРдин бардык атуулдарын куттуктайбыз. Ооба, эми СССР деген жок болду. Бирок биздин Атажуртубуз бар. Атажуртту бир нече мамлекетке жиктесе болот, бирок Атажурт – бирөө гана; ал мамлекеттик чек араларга көз каранды эмес. Мен бокалдарыбызды биздин Атажуртубуз үчүн көтөрөлүк деп сунуш кылам”, - деген латвиялык орустардын да өкүлү болгон Михаил Задорнов.

Мамлекет башчы эмес, карапайым сатирик тарабынан айтылган бул жаңы жылдык куттуктоо мурдагы советтик ири дөөлөт ыдырагандан кийинки күндөрдүн айырмалуу көрүнүштөрүнүн бири болуп калганы чын.

Кээ бир орусиялыктардын (анын ичинде М.Задорновдун) түкшүмөлүнө караганда, президент Борис Ельцин жаңы жылды алдын-ала катуу "майрамдап коюп", куттук айта албай калган имиш; айтор, Ельциндин мурдараак жазылган жана экономикалык турмуштагы реформаларга арналган чакан кайрылуусу 1991-жылы 30-декабрда эле обого чыгарылган.

Ал эми мурдагы мамлекет башчы Михаил Горбачевдун түшкөн “поюзунун” кыймылдаткычы СССРдин ордуна КМШ жарыяланган соң, Жаңы жылга жете электе эле биротоло өчүрүлгөн (М.С.Горбачев 1991-жылы 25-декабрда СССРдин Президенти кызматын расмий токтоткон болчу).

Пост-советтик доордо М.Задорнов Орусиядагы бир катар юмордук жана сатиралык сыналгы берүүлөрүнө (маселен, «Аншлаг», «Күлкү панорамасы», «Сатиралык прогноз», «Кыздары - энелери» ж.б.) алып баруучу жана аткаруучу автор катары үзүрдүү катышып келди.

Михаил Задорнов ондон ашуун китеп жарыялаган. Анын калеминен жаралган сатиралык жана лирикалык аңгемелер, юмор, такмаза, какшык камтылган чакан аңгемелер, жол баяндары жана пьесалар орус сатиригинин көөнөргүс мурасы катары аздектелип калмакчы.

Албетте, анын оюн-чындан айткан айрым “орусчул терминологиялык ачылыштарын” орусиялык тилчи окумуштуулар анын өзүнүн көзүнчө “жарабаган кеп” деп сындаган учурлар арбын болду.

Кээде ал айрым америкалыктардын түркөйлүгүн ачуу келекеге алып жатып, байкатпастан орус түркөйлүгүнүн мисалдарына өтүп, өзүнүн айрым көрпенде улутташтарын да ашкерелеп калчу. Ал Орусиянын сыналгы каналдарында айрым чыгармаларын кескилеп салган учурларга да нааразы болгон.

Михаил Задорнов өмүрүнүн соңку жылын жан алгыч рак оорусу менен баатырларча алышып өткөрдү. Ал 2017-жылдын 10-ноябрында Москва шаарында айыккыс дарттын айынан дүйнөдөн кайтты.

Михаил Задорнов. 27.4.2007.
Михаил Задорнов. 27.4.2007.

Маркум Михаил Задорновдун сөөгү 15-ноябрда ал өзү туулуп-өскөн Юрмала шаарындагы Яундубулты (Jaundubulti) көрүстөнүндө атасынын бейитинин жанында жерге берилди.

Чыгаан сатириктин жашоону сүйүүгө, аруулукка чакырган жана күлкүгө толгон чыгармаларынан бир шиңгил жарыялоо менен, анын жаркын элесине дагы бир жолу таазим этмекчибиз.

* * * * * * *

Ошол президент, - азыр да ушу кызматтагысы, – мыкты президент. Ал ар дайым тыкан, ар дайым чыйралып жүрөт... Анын сүйүктүү сөз айкашы бар: ал “социалдык лифт (“көтөрмө”)” деп байма-бай айтат.

Анын көз алдында мына минтип колду бийик көтөрүп, (пионер кошуунунун жолбашчысына кайрылып жаткан пионерчесинен. – Ред.): “Вова агатай, сыртка чыгып келүүгө мүмкүнбү?” деп сураш гана жетишпей турат (Мында “Вова” деп президент В.В.Путин айтылып жатат. – Ред.).

Эми сиздерге эмнени айтсам?..

Бир нече жылдан кийин эмне болооруна көзүм жетип турат. Орусияда заманбапташтыруу (модерндештирүү) өнөктүгү жүрөт ко дейм. Балээнин модерндешүүсү, коркунучтуу түштүн модерндешүүсү. Биздин аткаминерлерибиз баары жоктун баарынан өнөктүк уюштуруп салышат эмеспи. Бул – ар дайым болуп келген. Алкоголго каршы өнөктүк деген болгон. Токойдо чарчы-чарчы кылып уюк салуу өнөктүгү да эсимде турат.

Деги койчу, бул аткаминерлерди айта берсең сөз көп.

Билесиңерби, кызыктуу бир байкоом бар, бирок аны эч кимге үн чыгарып айтпаш керек.

Орусиянын бирдиктүү партиясы. “Бирдиктүү Орусия” партиясы (Партия “Единая Россия”). Андагы “партия” сөзү алты тамгадан турат. Бирдиктүү дегени да (“единая”) – алты тамгадан. Орусия – алты тамгадан. Достор, мында үч алтылык бар (мында орусча “шестерка” сөзүнүн “көшөкөр”, “малай” мааниси да камтылып жатат. - Ред.).

А президентибиз болсо, - мага жаккан нерсе ушул го дейм, - “Бирдиктүү Орусия” партиясын чогултуп алат. Андан соң аларга, “бирдиктүү орусиячыларга”, мындай деп айтат: “Коррупция менен күрөшүү керек болуп турат!”

Деги кимге айтып жатасың өзүң?

Алар болсо илгерки совет заманындагыдай отургучта отуруп алып, каадаланып жазып жатышат: “Ура!”

Алардын кол сааттарын карасаң, 50 же 100 миң долларлык! Кээ биринде асыл таш чөгөрүлгөн кол саат! Жагоолорунун ар бири 1000 доллардык. Костюмдарычы?!.

Анан алар талыкпай жазып жатышпайбы: “Коррупция менен күрөш жүргүзүш керек!”

Тигил болсо аларга карап: “Жазып алдыңарбы?”

Алар болсо: “Дароо жазып койдук! Эми бул жактан чыгабыз да, дароо эле өзүбүз менен өзүбүз күрөш жүргүзө баштайбыз!”

* * * * * * *

Шайлоону айтпай эч өтүп кете албайм.

Билип турам, (сыналгы редакторлору муну) кесип салышаары бышык.

Деги, эмнеден баштаарымды да билбей турам. Бул – өтө кызык.

Мынакей, эң башкысынан, тактап айтканда, Медведевден баштайынчы. Ал ушунчалык жүрөк жылыта сүйлөйт, муну билесиңерби?

Ал өздөрү үчүн өлкө калайыгынын жарымы добуш бергенин бүткүл өлкөгө сыймыктануу менен айтып чыкпадыбы! Деги булар – Айпадды (iPad) кучактап уктоого өткөн, жөнөкөй санакты эчак унуткарган пенделерденби?

Биринчиден, шайлоочулардын жарымы гана шайлоо түйүндөрүнө келип беришти го? Мейли, эч кандай добуш бурмалоо болгон жок дейлик. Ошондо да (бийликтер тарабында) шайлоочулардын чейрек бөлүгү гана калып жатпайбы?!.

* * * * * * *

Булак: http://www.youtube.com/watch?v=VQIxuKNQC1I

1974-жылдагы Португалиядагы ыңкылапка баа берүү үчүн баш катырышууда. Жуан Абел Мантанын “Татаал көйгөй” сүрөтү. 11.7.1975.
1974-жылдагы Португалиядагы ыңкылапка баа берүү үчүн баш катырышууда. Жуан Абел Мантанын “Татаал көйгөй” сүрөтү. 11.7.1975.

Мындан жүз жыл илгерки тарыхый окуялар орус элинин анекдотторунда да чагылдырылган.

* * * * * *

Грузиянын бир чакан шаарындагы театрда “Ленин Өктөбүр ыңкылабы күндөрү” деген оюн коюлуп жатты. Кепкачан Ленин иш кабинетинде улам жаңы декреттерге кол коюп, катуу иштеп жаткан кез.

Сырттан анын катчысы келип:

- Жолдош Лэлин, Дзэржинский сизден кабыл алууңузду өтүнүп жатат!

- Аны шейшембиге саат 4кө жазып кой. Ошондо келсин.

Катчы чыгып кетип, кайра кирет:

- Владимир Ильич, Свэрдлов да жолуксамбы деп жатат?

- Жолдош Свэрдилов шаршембиде саат 3тө кирсин.

Катчы “макул, айтам” деп чыгып кетип, кайра кириптир:

- Владимир Ильич, жолдош Сталин келиптир, аябай суранып жатат, азыр эле кабыл ал деп.

- Анын маселесине байланыштуу декретке колум тийе элек, жума күнү таңкы саат 10до сөзсүз кабыл алам, айтып кой.

Аңгыча залдагы көрүүчүлөрдүн бири кыйкырыптыр:

- Жолдош Лэлин, менин жердешимди тез эле кабыл алып коюңузчу, Мен да Гори шаарынан болом. Өтүнүч!..

- Опэ-эй, муну карасаң! – деп залдагы өтүнүч ээсине берки өнөрпоз ачуулана кайрылыптыр: - Бул жерде Лэлин менминби, же сенсиңби?!.

* * * * * *

Ленин дүйнө менен кош айтышаар учуру жакын калганын сезип, Сталинди чакыртыптыр.

- Мен абдан толкунданып, бир чети сабырсызданып турам, жолдош Сталин. Деги сизди эл колдоп кетээр бекен?

- Колдойт, жолдош Ленин!

- А кокус сизди ээрчибей коюшсачы?

- Анда алар Сизди ээрчип жөнөөгө аргасыз болушат, жолдош Ленин!

* * * * * *

1917-ж. 2-марты. Цюрих ш. Н.К.Крупская: “Вова, турсаңчы, ыңкылап (жүзөгө ашыптыр)!” В.Ленин: “Меники – мындан кийинкиси да!”
1917-ж. 2-марты. Цюрих ш. Н.К.Крупская: “Вова, турсаңчы, ыңкылап (жүзөгө ашыптыр)!” В.Ленин: “Меники – мындан кийинкиси да!”

Пушкинге арналган айкел долбоорлорунун жыйынтыгы жарыяланды.

Үчүнчү сыйлыктын ээси: “Пушкин Лениндин китебин окуп жатат” деген айкел.

Экинчи сыйлыктын ээси: “Ленин Пушкиндин китебин окуп жатат” деген айкел.

Биринчи сыйлыктын ээси: “Ленин Лениндин китебин окуп жатат” деген айкел.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG