Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:52

Күлкү кербени

Sorry! No content for 3 Август. See content from before

шаршемби 27 Июль 2016

 "Бир кылым артка кеттик, саатым!" (Кимбайкенин азил сүрөтү). 02.6.2011.
"Бир кылым артка кеттик, саатым!" (Кимбайкенин азил сүрөтү). 02.6.2011.

“Күлкү кербени” бул ирет “аркы дүйнөгө” саякат жасагандар тууралуу такмазаларды сунуштайт.

* * * * * * *

Сыма Чиенге бара келсең

Бир кыргыз депутаты олчойгон китеп жазып, оңду-солду макала жарыялап, өзүнүн “аркы дүйнө” менен “контактка” чыгып жатканын, Гитлердин арбагы да учураганын маалымдайт.

Анын жарыялагандарынын бирин окуп алып, маркум тарыхчы жана этнограф Ажыке Жумагулов минтип суроо салыптыр:

- Ошончолук арбактар менен ар кыл тилдерде эркин сүйлөшө алсаң, немис Гитлердин арбагы менен да сүйлөшсөң, иним, биротоло андан ары тереңдеп, байыркы кытай тарыхчысы Сыма Чиен (Сыма Цян) менен деле баарлашсаң жакшы болот эле. Байыркы кыргыз тарыхынын айрым барактары бүдөмүк болуп жатыры, ошону тактап бере салсаңчы!

* * * * * * *

Маркстын арбагы менен сүйлөшүп...

Бир ирет кыргыз сатириги жана сынчысы Салижан Жигитов белгилүү экономист академиктин мааракесине барып калат.

Тойдобу же жыйындабы, маңдайын караса, “аркы дүйнө” менен сүйлөштүм деген бир саясатчыга көзү урунат.

Анан маараке ээсине карата куттук айтчу кезеги келгенде Салижан агай күлмүңдөп туруп айтыптыр:

- Мен түндө түшүмдө Карл Маркстын арбагы менен сүйлөштүм. Ал киши айтты, чунак десе... Та-ак... Ал минтип айтып атпайбы: “Бу силерде экономика илими абдан өсүптүр. Академиктериңер да бар экен. Мыкты изилдөөлөр жарыяланыптыр. Та-а-к... Анан эмнеге эле экономикаңар өтө төмөн түшүп кеткен?” деп атпайбы.

Эл кыраан каткы күлдү. Маараке ээси да тамашанын багытын түшүнүп, каткырык салыптыр.

* * * * * * *

TT

“Күлкү кербени” өз жүрүшүн улантат. Эми ЮНЕСКОго келелик.

* * * * * * *

ЮНЕСКО жер жүзүндөгү калайыктан “башка өлкөлөрдөгү азык-түлүк таңкыстыгы тууралуу жеке пикир айта аласызбы?" сурамжылоо жүргүзүүгө аракеттенип, бирок бул далаалат майнапсыз аяктаптыр.

Европада “таңкыстык” деген эмне?” деп кол куушурушуптур.

Африкадагы Сомалиде “азык-түлүк деген эмне?” деп кайра суроо салышыптыр.

Американын чоң өлкөсү АКШда болсо “башка өлкөлөр деген эмне?” деп чоң суроого такалышыптыр.

Азиядагы Кытайда, Саудияда жана Түндүк Кореяда “жеке пикир деген эмне?” деп кайра суроо узатышкан экен.

* * * * * * *

ЮНЕСКО 1980-жылдардын башында кайсы-бир жылды “Пил жылы” деп атоону чечкен экен. Бул темага ылайык ар бир өлкө китепче жарыялашсын деген өтүнүч да таркатылыптыр.

Индиядан чыккан сүрөттүү чоң китеп “Бардыгы пил тууралуу” деп аталыптыр.

Улуу Британия “Пил тууралуу азыноолак кеп” деген китепчени жарыялаптыр.

Франция “Пилдер жана аялдар” деген китепти жарыкка чыгарыптыр.

АКШ болсо “Пил жана акча” жана “Пилдин партиясын шайлоодо жеңишке жеткирүү” деген эки китебин ЮНЕСКО кеңсесине алып келиптир.

СССР болсо “Ата мекенибизде мамонттор жашаган”, “Пилдер Улуу Өктөбүр социалисттик ыңкылабына чейин жана андан кийин”, “Өкмөт менен партиянын пил өстүрүүдөгү 5 жылдык планы” жана “Советтик пил – дүйнөдөгү эң бактылуу пил” деген төрт томдукту чыгарыптыр.

Социалисттик Монголия болсо бул төрт китепти монголчого которуп, андан тышкары “Монгол пили – советтик пилдин эң мыкты досу” деген китепти жарыялаптыр.

* * * * * * *

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG