17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43
Күлкү кербени
Беларустар өлбөстүк дарысына каршы
* * * * * * *
Өлбөстүктү камсыз кылчу мүрөк суу табылганда бүт дүйнө шаттанды.
Бир гана Беларустун эли бир добуштан кыйкырды: «Жо-о-ок!»
* * * * * * *
Беларустун экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында президент Лукашенканын кызматтык автомашинасынын алдыңкы терезесин жагымдуу кызгылт түстө бойоп коюу тууралуу чечим кабыл алынды.
* * * * * * *
Армян радиосунан сурашыптыр:
- «Эмне үчүн Беларуста шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык жыйындарын өткөрүүгө тыюу салынган?»
- Беларус – бул демократиялык жумурият. Шайлоо – купуя шартта өтөт. Демек, нааразылык чаралары да купуя шартта өткөрүлүшү абзел.
* * * * * * *
Түштүк Сибирдеги байыркы Wi-Fi
Орусиянын европалык бөлүгүндө казуу жүргүзгөн археолог менен орто кылымдардагы Энесайдагы кыргыз археологиялык эстеликтерин иликтеген кесиптеши сүйлөшө кетип, биринчиси мактанып калат:
- Бизде жакында казуу иштери учурунда XVIII кылымга таандык коммуникациялык сымдар табылды. Бул деген – бизде, Чыгыш Европада, ошол учурда эле телефондун жана башка заманбап байланыш түрлөрүнүн болгонунан кабар берет.
Анда кыргыз археологиясынын адиси камырабай туруп:
- А-а, жакшы экен. Ал эми бизде - Түштүк Сибирде - силердикиндей эч бир сым табылган эмес. Анткени, билесиңби, Энесайдагы кыргыздардын бабалары тээ алмустактан эле вай-фай (Wi-Fi) колдонушкан болчу.
Дагы жүктөңүз