Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:33

Күлкү кербени

Sorry! No content for 8 Октябрь. See content from before

шаршемби 5 Октябрь 2011

Кийгени “кундуз” тебетей, адаты - “жок” деп тил эмизмей. “Азаттык үналгысы". TKy. 23.07.2011.
Кийгени “кундуз” тебетей, адаты - “жок” деп тил эмизмей. “Азаттык үналгысы". TKy. 23.07.2011.

"Жаңы кыргыз" тууралуу азилдерден

* * * * *

Бир жолу Бишкектин четиндеги кычыраган "жаңы байдын" үйүн бир кайырчы каккылаптыр.

- Сизге эмне керек? - деп байдын өзү чыгып тилемчиден сурайт.

Анан берешендиги кармап, ага беш сом сунат.

- Кагылайын, кечээ эле сиздин уулуңуз он эсе көп пул берип, кайрым кылды эле!

- А-а, анын атасы чириген бай да. Менин атам болсо совет заманында өп-чап каражатка жашап, мени ысырапкор болбоого үйрөткөн, - дептир алиги "жаңы кыргыз".


* * * * *

Саясий анекдотторду совет доорунда эле "катырган" орусиялыктар эми да, кезектеги президенттик шайлоонун ирегесинде, жөн жатышпаптыр. Алардын азилдеринен дагы бир шиңгил.


******

2012-жылдын февралы. Шайлоо бекетинде ураан илинип турат:
“Урматтуу шайлоочулар! Жекшемби күнү, 2012-жылдын 4-мартында, Орусия Федерациясынын Президенти В.В.Путинди шайлоо жүргүзүлмөкчү”.

******

- Орусияда президенттик шайлоо 2012-жылдын башында өтөт дешет ко, чынбы?
- Койсоңчу! Шайлоо быйыл эле 24-сентябрда өттү го!

******

Сыягы, интернет барактардагы “Путин, Медведев жана башка жолбашчылар” деген рубрикалык аталышты мындан ары “Путин. Жалгыз гана Путин” деп өзгөртүп атап калышат ко.

******

Мурда орусиялык сыналгы каналдар жериликтүү кабарлардан орчун жаңылык айтышчу эле, эми орчундардан эки баштуусун айтып калышты. “Келээрки жылы Орусияда орчун жаңылыктардын саны канча болоор экен?” деген суроого калайык баш катырып келет.

******

2011-жылдын 24-сентябрындагы эң кыска анекдот:
“Бирдиктүү Орусия” партиясынын курултайы өзү эле өз алдынча тарыхый чечим кабыл алды”.

******

Орусияда премьер-министрдин кызматы – бул өлкө президентинин келээрки мөөнөткө кайра шайлануу алдындагы анча-мынча жылдык тыныгуусу.

******л

Орусия энциклопедиясын түзүүчүлөр “Орун алмаштыруудан жалпы эсеп өзгөрбөйт” деген сүйлөмдү шашылыш түрдө “математика” куржунунан “азилдер” куржунуна жылдырышты.


******

Булак: орусиялык ар кыл интернет барактар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG